Укуктук, гендердик, шайлоого катышуу жана мыйзам чыгаруу багытында окуу программасын пландап жаткан бул аянтчаны Кыргызстандагы аялдардын мыйзам чыгаруу демилгечилеринин альянсы уюштурган.
Лидерлик академиянын окуу программасына Таластан катталган Мунира Норузбаева келечекте гендердик талдоо багытында эксперт болгусу келет. Ал буга чейин дагы бир катар тренингдерден өткөн.
"Бул окууда мени кызыктырып жаткан нерсе бул мыйзамдарга гендерлик талдоо багыты болуп жатат. Мен бул багытта көптөн бери үйрөнөйүн деп жүргөн элем",-деди ал.
Ал эми академияга Алай районунан катталган мугалим Гүлүпа Пайзиева болсо буга чейин жергиликтүү кеңеште депутат болгонун, эми чоң саясатка аттанып жатканын айтты.
"Буга чейинки тажрыйбамды такшалтып, мындан ары да мамлекеттик кызматтарга келип же чоң саясатка аралашайын деген ниетим бар. Тажрыйбалуу адамдар менен баарлашып, мыйзамдарды үйрөнүп элге кызмат кылсам дейм".
Бир катар коомдук уюмдардын, активисттердин, саясатчылардын башын бириктирген Кыргызстандагы аялдардын мыйзам чыгаруу демилгечилеринин альянсы уюштурган Аялдардын лидерлик академиясы онлайн форматтагы окууларын август айында баштаганы турат.
Буга 80ден кем эмес орун пландалса, иш жүзүндө каалоочулар үч эсе көп болууда. Академиянын эксперти Авазкан Ормонова 27-июлга карата каттоодон өткөн кыз-келиндердин саны 276га жеткенин, алардын 165и окуулар кыргыз тилинде жүрүүсүн кааларын белгиледи.
"Бул окууларга саясий чөйрө боюнча билим алгысы келген же билимин тереңдеткиси келген Кыргызстандагы баардык эле аялдар катыша алат. Негизи айылдык кеңештин депутаттарына, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болом деген айымдар, саясий партиялардын мүчөлөрү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта саясий чечимди кабыл алып жаткан жерлерде добушу бар айымдарга ачык конкурс да. Эч кимге чектөө жок".
Аялдарды саясий лидерликке такшалтууну максат кылган бул академиянын түптөлүшү парламентте аялдардын санын басаңдаткан жаңы мыйзам каралып жаткан мезгилге туш келди.
Гендер боюнча эксперт Зульфия Кочорбаева саясатта чечим кабыл алып жаткан адамдарда бийликке аялдардын аралашуусунун коом үчүн утуштары тууралуу түшүнүгү аз деген пикирде. Ошондой болсо да серепчи мындай иш чаралар келечекке карай стратегиялык жумшак күч болуп берет деп эсептейт.
"Бул айныксыз артка кадам деп эсептеймин. Бул кыргызстандын саясий истеблишменти гендерлик теңчиликтин баалуулуктарынан алыстыгын билдирет. Учурда Парламент карап жаткан шайлоо тууралуу жаңы мыйзам буга чейинки циклде жетишилген көрсөткүчтөрдү жоготуп жатканы да буга далил".
"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору оңдоп-түзөтүүлөрдөн кийин шашылыш экинчи жана үчүнчү окууда 28-июлдун кечинде кабыл алынды. Ага ылайык, парламенттин 90 депутатынын 54ү партиялык тизме менен преференциалдык ыкма аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.
Мыйзамды талкуу учурунда гендердик теңчилик боюнча талаш орун алып жыйынтыгында талапкерлердин ар бир төртүнчүсү аял киши болушу керек деген сунуш өттү. Мыйзамды сындагандар бир мандаттуу округдардан шайлоодо гендердик баланс сакталбай турганын айтып келишет.
Чындыгында парламентте соңку айларда болгону 16 аял депутат калган. Башкача айтканда 30 пайыздык квота кагазда гана калып, иш жүзүндө депутаттык ордун тапшырып кеткен аялдардын ордун эркектер ээлеген.
Деген менен быйыл апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын үлүшү мурдагыдай 10% эмес, 39% жогорулаган. Башкача айтканда, жалпы 7560 мандаттын 2931и аялдардын энчисине тийген. 43 айылдык кеңешке аялдар төрайым болушту. Ал эми 13 айыл өкмөтүнө аялдар башчы болуп шайланды.