Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:09

Азимов: "Биздин Кыргызстан" жаңы саясий күч эмес


Азим Азимов.
Азим Азимов.

11-июлда өткөн Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине кайра шайлоого “Биздин Кыргызстан” деген жаңы партия катышып, Ош шаарында ийгилик жаратты. Мурдагы шайлоодо депутаттык мандаттын жарымын ээлеген “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына курч атаандаштык жаратып, 15 мандат алган.

Бирок Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгын тааныганына карабастан, Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлдагы отурумунда "Биздин Кыргызстан" партиясын шайлоодон четтеткен эле. Арыздарды караган жумушчу топ партияны тизмеден чыгарууга талапкерлердин добуш сатып алууга аралашканы себеп болгонун билдирген.

28-июлда Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында, Бишкектин административдик сотунун чечимин алгандан кийин, жогорку инстанцияга кайрылуу маселеси чечилет.

"Биздин Кыргызстан" партиясы жана анын лидери ким? "Азаттык" саясий аналитик Азим Азимов менен маектешти.

- Азим мырза, алгач эле ушул “Биздин Кыргызстан" партиясы эмне болгон партия? Партия лидери Айбек Осмонов ким? Ушуга токтолсок.

- “Биздин Кыргызстан партиясы шайлоочуларга өткөн жылы эле тааныш эмес болчу, андыктан жаш партия деп атасак болот. Бирок бул партияны түзгөн саясий күч жаңы эмес. Партиянын лидери Айбек Осмонов “Ихлас” курулуш компаниясын негиздеген бир тууган Осмоновдордун бири. Булардын саясаттагы жолун бир канча жылдан бери байкап келатабыз. Мисалы, 2016-жылы “Ихлас” курулуш компаниясынын каржылоосу менен “Мекеним Кыргызстан” деген партия чоң саясий сахнага чыккан.

2016-жылы бул партия жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышкан. Мисалы, Бишкек шаарында көзгө көрүнгөн эч бир үгүт ишин жүргүзбөй, шаардык кеңештеги бир канча мандатка ээ болгон. Көпчүлүк байкоочулардын, шайлоочулардын айтуусунда ал жеңиш жөн гана добуштарды сатып алуу аркылуу булардын колуна түшкөн. Ошентип “Мекеним Кыргызстан” партиясы 2016-жылы саясий сахнага чыкты. Ал эми 2020-жылы Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү, тарапкерлери ошол партияны платформа катары колдонуп, Жогорку Кенешке аттанышкан. Ал шайлоодо экинчи орунду алып, октябрь окуяларынын жыйынтыгы менен ал жеңиш жокко чыгарылды. Бир тууган Осмоновдордун, атап айтканда Айбек Осмоновдун саясий амбициясы ошо менен жокко чыккан жок, саясий планын улантууда.

- “Биздин Кыргызстан” партиясын ар дайым бийликке жакын болуп келген, ири бизнестин өкүлдөрү негиздегенин айтып жатпайсызбы. Бирок Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо жеңишке жеткен "Биздин Кыргызстан" партиясы шайлоодон четтетилип калышы эмнени түшүндүрөт?

- “Албетте “Биздин Кыргызстан” партиясы ири бизнестин партиясы деп айтсак болот. Көп учурда аналитиктер олигархиялык партиялар деп айтып калышат. Бул эмнени билдирет? Бизнестин партиясы болгон үчүн кайсы бийлик болсо дагы ушундай партиялар бийлик тарапта болушат. Азыр бийлик дегенде бир адамды же бир саясий топту атай албай жатабыз. Азыркы учурда көрүп тургандай бийликтин ичиндеги саясий топтор арасында ич ара күрөш жүрүп жатат. Ошондуктан “Биздин Кыргызстан” партиясы оппозициялык партия болбосо дагы, бийликке каршы чыкпаса дагы, бийликтин айрым өкүлдөрүнүн саясий планына тоскоол болду деп эсептеп жатам”.

- Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов акыркы 5-6 жылдан бери саясий айдыңга активдүү аралашып, шайлоолордон четте калбаптыр. Бир тууган Осмоновдордун саясий амбициясы канчалык?

- Бир тууган Осмоновдордун экөөнүн тең көз карашы кандай экенин билбейм. Бирок Айбек Осмоновдун саясий амбициясы ачык жана айкын. Ал киши муну эч кимден жашырбайт. Ошондуктан жыл сайын кандайдыр бир жаңы саясий долбоор аркылуу бийликке жеткенге аракет кылып келди. Осмонов барыбыз билгендей 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.

2016-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясын негиздеп, жергиликтүү шайлоолорго алып чыккан, 2020-жылы кыска убакыт “Ыйман Нуру” партиясын жетектеген. Эми болсо өзүнүн жеке саясий долбоорун саясатка алып чыкканга аракет кылып жатат. Бул жерде биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Жергиликтүү кеңештер кичи масштабдагы саясий иш чара. Ошондуктан ал жерде жаш партиялардын, бизнестин өтүү мүмкүнчүлүгү жогору. “Ихлас” курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн жалпы республикалык деңгээлде өткөн шайлоолорго каражаты, күчү, уюштуруучулук жөндөмү жетеби аны биз көрө элекпиз.

- Бир тууган Осмоновдор саясий айдыңда гана эмес, салыштырмалуу кыргыз бизнесинде дагы жаңы жүздөр эмеспи. Алардын байлык булагы каяктан куралган, жана кимдердин салымы, таасири бар?

- “Ихлас” курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрү жалпы коомчулукка 2011-жылы белгилүү болгон. Белгилүү болгон себеби - дагы бир чыр-чатакка байланыштуу болчу. 2010-жылдагы түштүк жергесиндеги калабадан кийин мамлекеттен акча бөлүнүп, Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү иши жүргөн. Ошол долбоорлордун бири көп кабаттуу үйлөрдү куруу болчу. Так ошондо “Ихлас” курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн аты биринчи жолу чыккан. Анткени Осмоновдордун компаниялары ошол үйлөрдү курушкан. Бирок ар кандай комиссиялар курулган үйлөрдү кабыл алганда имараттардын сапаты боюнча маселе чыккан. Ошондо кылмыш иштер козголуп, көп талкуу жүргөн.

Бир канча жылдан кийин журналистик иликтөөлөрдүн натыйжасында “Ихлас” курулуш компаниялары колдонгон айрым акча, жер тилкелери Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлөсү менен байланышы болгону ачыкка чыккан. Азыркы убакытка чейин “Ихлас” курулуш компаниясы ири компания экенин көрүп келебиз. Алардын саясий чөйрөдө өтө көп колдоочулары жана тарапкерлери болгон. Ошо менен бирге бир учурда жаңы баштап жаткан жаш компаниядан чоң кадам таштап, ири деңгээлге чыккан компания. Албетте, бул жерде саясий колдоо ийгилигинин бир бөлүгү деп айтсак болот”.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG