Дарыгер Хурсанай Исматуллаеваны 16-июлда кечке маал Ахал облусундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар алып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Turkmen.news. көз карандысыз басылмасынын жазышынча, ал күнү дарыгердин үйүнө он чакты адам келген. Айрымдары милиция формачан болсо, көпчүлүгү кадимки кийим кийип жүрүшкөн.
Милиция Исматуллаеванын үйүндөгү оргтехниканы, телефондорду алып кетишкен. Андан бери дарыгердин кайда экени белгисиз болууда.
Учурда Голландияда жашап жүргөн Turkmen.news. басылмасынын редактору Руслан Мятиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Хурсанайды Исматуллаеваны бийлик камап койду деген версияга көпчүлүк ынанып турат:
“Анын жакын туугандары учурда чет өлкөдө болгондуктан маалыматы жок болуп жатат. Ал жакта жашаган коңшулары, тааныштарынан барып билип бере аласыңарбы деп суранышса, алар көнбөй атышат. Азыр коңшулары коркушканынан Исматуллаеванын үйүн айланып өтүшүүдө. Алар чын эле корккондой болушту. 10 чакты адам, анын ичинде формачандар келип алып кеткен коңшусу тууралуу бир нерсе сураганга эч ким даабай турат”.
Хурсанай Исматуллаева өз аймагында таанымал дарыгерлердин бири. Ал 2017-жылга чейин Ахал аймагындагы Гөкдепе шаарындагы “Эне мээри” төрөтканасында иштечү. Бирок ошол жылы ага көрүнгөнү келген бейтаптарды акы төлөгөн кароолор, операцияларга каршы чыкканы үчүн жумуштан бошотулган. Андан бери ишинен мыйзамсыз бошотулганын айтып, улам бир сотко кайрылып, өз укугу үчүн күрөшүп келе жаткан.
Акыркы жолу Исматуллаеванын иши жөнүндө Европарламенттин депутаттары уюштурган “Борбор Азиядагы эркиндикти чектөө практикасы: укук коргоочулардын үнү” деген онлайн жолугушууда сөз болгон эле. Андан көп өтпөй эле өзү кармалып, тагдыры беймаалым бойдон турат.
Түрмөн милициясы Хурсанай Исматуллаеванын кайда экени жөнүндө маалымат бербей жатат.
Европа парламенти дарыгер Исматуллаеванын абалы тынчсызданып билдирүү таратты. Анда европалык депутаттар бийликти дарыгерди тезинен эркиндикке чыгарууга чакырды.
Соңку мезгилде түркмөн бийлиги өлкө ичиндеги жана четтеги активисттерге басымды күчөтүүдө. Бул жагдайда көңүл бурган Түркмөн Хельсинкс фонду жана “Мемориал” борбору акыркы күндөрү Исматуллаевадан башка активисттер Мурад жана Алты Душемовдор, Жума Жумакаевдин кармалганын кабарлады.
Мындан сырткары учурда Түркияда иштеп жүргөн Мердан Жораевдин туугандарына басым көрсөтүп, өлкөгө кайтып келишин талап кылышкан. Стамбулда курулушта иштеп жүргөн Жораев жакында социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, түркмөн бийлигине сындаган эле.
Ансыз деле диктатуралык режим өкүм сүргөн Түркмөнстан дал ушул учурда активисттерге басымды дагы күчөткөнүн адистер өлкөдөгү экономикалык абалдан улам нааразылык көбөйгөнү менен түшүндүрөт.
Turkmen.news. басылмасынын редактору Руслан Мятиевдин айтымында, учурда бийликке каршы сын айткандар көбөйдү:
“Элде наарызылык күчөп баратат. Экономикалык кризиске туш болгон өлкөдө ар бир адамга бир айга 250 грамм шекер, 250 грамм тоок этин алганга талон беришет. "Алтын доор" өкүм сүргөн, Ниязов экинчи Кувейт болот деген Түркмөнстанда азыр талонго продукт алып, эл аябай кыйналып жатат. Мунун баары жарандар арасында нааразылыкты жаратканы үчүн бийлик басымды күчөтүүдө".
Ал тапта Түркмөнстандан көчүп кетүүнү каалагандардын саны көбөйгөн. Түркмөнстандагы орус элчилиги Орусияга көчүп кетүүнү каалагандардын тизмесин түзүүнү токтоткону белгилүү болду.
Расмий түрдө каттамдардын токтотулушун S7 авиакомпаниясы азыр туристтик сезон болгондуктан учак жок деп түшүндүрмө беришкен. Бирок журналисттер мындай түшүндүрмө чыныгы кырдаалды көрсөтпөй турганын билдиришүүдө.
"Азаттыктын" түркмөн кызматынын жазышынча, Орусияга көчүп кетүү үчүн кезек күтүп турган түркмөндөрдүн саны 10 миңден ашкан. Бул бардык документти даярдап, өлкөдөн чыгып кетүүгө даяр болгондор.
Мындан сырткары Орусияда жарандык алып же каттоого тургандар өзүнчө категорияга киргизилип, көчүрүү үчүн атайын каттамдарга кезексиз эле катталышат.
Соңку жылдары Түркмөнстандан Орусияга көчүп кеткендердин саны кескин көбөйүп жатат.
Түркмөн Хельсинкс тобунун маалыматы боюнча, 2020-жылы пандемияга карабай 21 миңден ашык адам туруктуу жашоо үчүн Орусияга көчүшкөн. Быйылкы жылдын алгачкы үч айында болсо бул сан 1300дөн ашкан.