Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Казак президентин ким тыңшаган?


Казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаева, 16-май 2019-жыл.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаева, 16-май 2019-жыл.

Чуу жараткан Pegasus тыңчылык программасы дүйнөлүк лидерлерди да бутага алганы белгилүү болду. Алардын арасында Казакстандын жана Франциянын президенттери бар. Бул программа тууралуу маалымат дүйнөнүн бир топ өлкөсүндө чоң талкууга жем таштады.

Колдонуучуга билгизбестен телефонду бузуп кирип, тыңчылык кылууга ыңгайлашкан Pegasus программасы дүйнөдөгү кеминде 14 азыркы жана мурдагы лидерлерди бутага алганы белгилүү болду. Тыңшоого дуушар болгону айтылган жетекчилердин тизмесин Amnesty International укук коргоо уюму жана 17 глобалдык медианын башын бириктирген консорциум 20-июлда жарыялады.

Ал тизмеде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, француз президенти Эммануэл Макрон, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса, Морокконун падышасы Мохаммед VI жана Ирактын президенти Бархам Салех да бар.

Француз маалымат каражаттары президент Макрондун телефонун 2017-жылдан бери Марокконун атайын кызматы Pegasus программасы аркылуу тыңшап турганын жазып жатышат.

NSO Group компаниясынын кызматынан пайдаланган Мароккодогу бир оператор Эммануэл Макрон колдонгон телефонду системага киргизген. Ал француз президентин аңдып, тыңшап турууну көздөгөнү анык", - деп билдирди иликтөөгө катышкан Париждеги Forbidden Stories уюмунун өкүлү Лоран Ричард.

Француз президенти Эммануэл Макрон.
Француз президенти Эммануэл Макрон.

Журналисттердин иликтөөсүнө ылайык, Францияда президент Макрондон тышкары француз өкмөтүндөгү 15 министр да тыңшоого дуушар болушу мүмкүн. Француз бийлиги бул маалыматтарды иликтей баштады. Марокконун бийлиги мындай тыңчылык программаны колдонгонун четке какты.

Казак бийлик сересиндеги тыңшоо

Эл аралык журналисттердин иликтөөсүнө ылайык, телефону тыңшоого дуушар болду деген казакстандыктардын арасында президент Касым-Жомарт Токаевден тышкары премьер-министр Аскар Мамин жана Алматынын акими, 2019-жылдын февраль айына чейин өкмөттү жетектеген Бакытжан Сагинтаев да бар. Азырынча бул саясатчылардын телефондору тыңшалганы же потенциалдуу бута катары гана каралганы так белгисиз.

Казакстанга байланыштуу ачыкка чыгып кеткен маалыматтар 2017-2018-жылдарга таандык. Токаев ал кезде президент болуп шайлана элек болчу. Казакстанды узак жыл башкарган мурдагы президент Нурсултан Назарбаев аны 2019-жылы гана өзүнүн мураскери кылып тандаган.

Иликтөөгө катышкан "OCCRP" уюму Токаев менен Маминди тыңшоо чет өлкөдө эмес, Казакстандын өзүндө жүргүзүлүшү мүмкүндүгүн ишара кылып жатат.

Эл аралык журналисттер Казакстан боюнча жалпысынан 2 миңден ашуун телефон номурлары каттоого алынганын таап чыккан. Азырынча казак бийлиги чуулгандуу тыңчылык программанын колдонулушу тууралуу расмий маалымат бере элек.

"Активисттердин жана журналисттердин телефондору тымызын хакердик чабуулга кабылып турганын мурдатан бери билчүбүз. Бирок бийликтин эң жогорку сересиндеги адамдар да NSO компаниясынын тыңчылык программасынан качып кутула албаганын көрүп жатабыз", - деп жазды "Твиттерге" Amnesty International уюмунун башчысы Агнес Калламард.

Чуулгандуу программа кандай иштейт?

Pegasus тыңчылык программасын израилдик NSO Group компаниясы иштеп чыккан. Бул программа iPhones жана Android жабдыктарын бузуп кирип, колдонуучу кимге телефон чалганын, кандай билдирүү, электрондук кат же сүрөт жөнөткөнүн тымызын каттап тура алат. Ошондой эле бул программа колдонуучунун сыр сөздөрүн, кайсы жерде жүргөнүн да биле алат. Керек учурда телефондун камерасы менен микрофонун күйгүзө алат. "NSO Group" дооматтарды четке кагып, чуулгандуу программасы террорчулукка каршы күрөшүүгө көмөктөшөрүн билдирген.

2016-жылдан бери бул компаниянын кардарлары тыңшоого аракет кылды деген 50 миң адамдын телефон номери жана ысымдары алгач Amnesty International жана Париждеги Forbidden Stories журналисттик уюмунун колуна тийген. Аталган уюмдар бул маалыматты глобалдык медиа консорциум менен бөлүшүп, алар 18-июлдан тарта журналисттик иликтөөлөрүн жарыялап жатышат.

Pegasus программасы дүйнөдөгү ондогон журналисттерди бутага алган.
Pegasus программасы дүйнөдөгү ондогон журналисттерди бутага алган.

Ачыкка чыгып кеткен тизмеде мамлекет башчыларынан тышкары 189 журналисттин, 600дөн ашуун саясатчынын, кеминде 65 бизнес жетекчисинин, 85 укук коргоочунун аттары жазылган. Pegasus программасы тыңшаган же бутага алган журналисттердин арасында "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун, The Associated Press, Reuters, CNN, The Wall Street Journal, Le Monde жана The Financial Times сыяктуу дүйнөлүк абройлуу маалымат каражаттарынын журналисттери да бар.

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен журналисттердин бутага алынганын айыптады.

"Эгер чынында ошондой болсо, анда бул толугу менен кабыл алынгыс нерсе. Бардык эрежелерге каршы келет. Басма сөз эркиндиги - бул Европа Биримдигинин башкы баалуулуктарынын бири. Андыктан ушундай нерселер орун алган болсо, анда бул такыр кабыл алынгыс", - деп айтты Урсула фон дер Ляйен.

Бул программа дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө саясий жаңжалдарга жол ачты. Мисалы Венгриянын оппозициясы премьер-министр Виктор Орбандын өкмөтүн чуулгандуу программаны колдонду деп айыптап чыкты. Венгр бийлиги мындай дооматты четке какты.

Индиядагы оппозициячыл партиялар да Pegasus программасына байланыштуу иликтөө жүргүзүүгө чакырып жатышат. Себеби Индияда 300 адам, анын ичинде премьер-министр Нарендра Модинин башкы атаандашы, саясатчы Рахул Гандинин телефону да тыңшалганы ачыкка чыккан.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG