Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев мыйзамсыз камаган жана кылмыш ишин козгоп, соттогон укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, судьяларга жазаны катаалдаштырууну сунуштады. Ал бул тууралуу парламентте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында билдирди. Ал мындай кылмышка шек саналгандарга айып пул салуу жана түзөтүү иштерине чегерүү өңдүү чаралар колдонулбашы керектигин билдирди.
"Эгерде бирөөнү мыйзамсыз айыптаса, мыйзамсыз камаса жана мыйзамсыз өкүм чыгарса ал анда камаларын билиши керек. Аларга 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салып, 100 саатка чейин жумушка чегерүү жазылыптыр. Кандай оор кылмышка ушундай жоопкерчилик жазылат? Мыйзамсыз камагандарды эки жылга эркинен ажыратууну, айып пулду алып салууну, атайын билип туруп мыйзамсыз камагандарды беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратууну, мунун негизинде жарандын саламаттыгына оор залал келтирилсе сегиз жылдан он жылга чейин абакка кесүүнү сунуштап жатабыз. Биз мындай кылмыштардын алдын алышыбыз керек да".
Башкы прокурор Курманкул Зулушев жаза жумшак деген дооматты четке кагып, мындай жазаны гумандаштыруу аракети менен негиздеди.
Жогорку Кеңештин комитеттеринде жаңы кодекстер талкууланып жатат. Буга чейин Зулушев Кылмыш-жаза кодексинин жаңы долбоорунда 47 берене жаңы иштелип чыгып, 34 берене толугу менен алынып салынганы билдирген.
Кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору майда коомдук талкууга коюлган. Документтерди президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча эксперттик жумушчу топ иштеп чыккан.
Октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2019-жылы кабыл алынган беш кодексти өзгөртүүгө киришкен. Ага ылайык, Жоруктар кодекси таптакыр жоюлат. Айрым юристтер, укук коргоочулар жаңы кодекстерде жазаларды гумандаштыруу азайганын сындап, мурдагы катаал калыбына кайтарын эскертишкен.