Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

"Асман" - кыргыз бийлигинин заманбап шаар куруу планы


"Асман" экологиялык таза шаарынын долбоору.
"Асман" экологиялык таза шаарынын долбоору.

Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдүн боюна “Асман” деген экологиялык шаар куруу тууралуу дымактуу планын жарыялады. Долбоор Бишкекке жүк келтирбөө, туризмди өнүктүрүүнү көздөйт. Бирок айрым адистер көлдүн экологиясы кандай болот, андан көрө бар шаарларды оңдоп, өндүрүштү жандантуу керек деп айтууда.

"Шаарда жалаң электромобилдер менен жүрүүгө болот. Акылдуу шаар. Акылдуу үй. Бала бакчалар, мектептер менен университеттер. Эң заманбап ооруканалар. Ден соолукту чыңдоо комплекстери. Бизнес борборлору, соода борборлору. Мейманкалар, муз тебүү сарайы, стадион, концерттик зал, резиденция, банктар".

Бул - Сингапур өңдүү мегаполисти сүрөттөө же футуристтик фильмден үзүндү эмес. Кыргыз бийлигинин планы боюнча жакынкы 7-10 жылда Ысык-Көлдүн жээгиндеги 4 миң гектар жерде 500 миң киши жашай турган "Асман" аттуу калың элдин түшүнө да кирбеген, жомоктогудай шаар пайда болмокчу. Бул ошону жарнамалаган ролик.

Шаар Балыкчыга 15 чакырым жакын жерде, Тору-Айгыр айлынын өйдө жагына курулат.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Равшан Сабиров өлкөнүн туристтик жана инвестициялык кудуретин көтөрүүнү көздөгөн долбоорду ишке ашыруу аракети 12 жылдан бери көрүлүп келгенин айтты.

“Асман” аттуу өзгөчө долбоордун автору Руслан Акматалиев деген жигит. 12 жылдан бери бийликтин эшиктерин каккылап жүрүп, эч кимиси колдобой коюптур. Биз долбоор менен таанышып, президент Садыр Жапаровго түшүндүргөндөн кийин ал киши ошол жердин суусун, топурагын карап көргүлө, анализдегиле, фотосъемка, геодезиялык иштерди жүргүзгүлө, канча кабат үй курууга болот, сууну кайдан алабыз, бардыгын изилдеп чыккыла деп бир жарым ай убакыт берди. Эгерде ылайыгы келсе, бул долбоорду ишке ашырабыз деген ой менен жумушчу топ түзүлдү. Министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов тиешелүү буйрукка кол койду", - деди ал.

Сабировдун айтымында, экологиялык жаңы шаар Бишкектин ыш маселесин чечүүгө, Балыкчыда токтоп турган өндүрүштөрдү жандандырууга өбөлгө түзөт.

"Асман" экологиялык таза шаар" пилоттук долбоору. Президенттин сайтына жарыяланган сүрөт. 17-июль, 2021-жыл.
"Асман" экологиялык таза шаар" пилоттук долбоору. Президенттин сайтына жарыяланган сүрөт. 17-июль, 2021-жыл.

"Бул жерде экологиялык таза шаар тургузулат. 500-700 миңге чейин киши жашаган калктуу пункт болот. Ошол эле мезгилде биз Бишкекти да жеңилдетип коебуз. Ыш маселеси чечилет. Өндүрүш ишканалары иштей баштайт. Мисалы, Балыкчыдагы ун комбинаты миллиондогон тонна ун чыгарып иштеп баштайт. Токтоп турган цемент заводу ишке кирет. Шаар курууга 2 миллиарддай кирпич керек болот, тиешелүү ишканалар жанданат, транспорт түйүндөрү, темир жол жанданат, Тамчыдагы аэропорт эл аралык аэропортко айланат".

Жумушчу топ ушул тапта башка ушул өңдүү шаарлардын тажрыйбасы менен таанышып, сейсмологиялык, экологиялык маселелерди анализдеп жатат деп кошумчалады Сабиров.

Президенттин кеңешчиси Равшан Сабиров жаңы шаар курула турган аймакта. 17-июль, 2021-жыл.
Президенттин кеңешчиси Равшан Сабиров жаңы шаар курула турган аймакта. 17-июль, 2021-жыл.

Урбанист, архитектор Айгүл Насирдинова экологиялык шаар куруу кубаттоого арзый турган абдан жакшы заманбап идея деп эсептейт. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнөдө акыркы мезгилде ошондой калаалар пайда боло баштады. Ал Эмираттагы Масдар-сити, Жапонияда "Тойота" компаниясы Фудзияма тоосунун жанына куруп жаткан шаарды мисал келтирди.

"Азыр талкууланып жаткан долбоордун параметрлери биздин аймакты эске алуу менен эсептелип чыккан эместей. Мен медиага чыккан маалыматтардан баамдасам, авторлор шаар 500 миң тургунга мерчемделген дешет. Эми элестетсеңер, бүтүндөй Ысык-Көл облусунда 470 миңдей киши жашайт. Канализация системасы жок чоң шаар өзүнчө бир проблемага айланат. Экологиялык шаарлар таштандысыз болушу керек. Менчик машинелерден да баш тартышат. Керек болсо жалаң коомдук транспорт жүрөт. Шаарлар эмне үчүн пайда болот, кантип жашайт деген принциптер бар да. 500 миң тургун дегенди угуп эле бул долбоор чийки экенин түшүндүм. Жок дегенде 20-30 миң десе мен ишенет элем. Кыргызстанда бир миллиондуу бир эле Бишкек бар. Алсак, Ошто 250 миң киши жашайт, Өзгөн менен Жалал-Абадда 100 миңден тургун бар", - деди Айгүл Насирдинова.

Келечекте жаңы шаар курула турган аймак.
Келечекте жаңы шаар курула турган аймак.

Равшан Сабиров жаңы шаар миграция маселесин да чечүүгө жардам берерин айтат. Себеп дегенде чет жактарда иштеп жүргөн мекендештерди жумуш менен камсыздоого шарт түзүлмөкчү.

Бирок урбанист Насирдинова бул аргументти чабал деп эсептейт.

"Шаарга келип жашаш үчүн жумуш керек. Кыргызстандын шартында жөн гана инфраструктураны өнүктүрүү жетишсиз. Биз Жапония эмеспиз да. Ушунча кишиге кантип иш табылат? Бишкекте бир миллион дегенибиз менен 400 миң киши убактылуу каттоодо турат. Башкача айтканда ошончо киши келип кетип турат, убактылуу иштейт. Ушунча убакыттын ичинде өнөр жай дээрлик толугу менен талкаланды. 2001-жылдан кийин завод-фабрикалар токтоп калган. Миграциянын себептеринин бири мына ушунда. Өнөр жайдын 15% гана калды. Калгандары жарандар өздөрү негиздеген орто жана чакан бизнес. Кайсы өндүрүштү мамлекет түздү? Ковидден көрбөдүкпү. Мамлекеттин ооруканаларды салууга кудурети жетпептир".

Эколог Калия Молдогазиева дагы жаңы шаар куруу идеясына каршы эместигин айтып, бирок Ысык-Көлдүн боюна ушунча адам жашаган калаа куруунун алдында көптөгөн маселелерди, биринчи кезекте айлана-чөйрө, суу менен камсыз кылуу, акыр-чикирден тазалоо суроолорун жакшылап чечип алуу керектигине көңүл бурат.

"Эң биринчи кезекте “антропогендик жүк” деген маселени чечиш керек. Адамдын, анын ишмердүүлүгү айлана-чөйрөгө кандай таасир этерин, бир кишиге канча таштанды туура келерин эсептеп чыгыш керек. Экологиялык изилдөөнүн сөзсүз альтернативалык варианттары болууга тийиш. Мен азырынча жарнамалык роликти эле көрдүм. Маалымат ачык болуш керек. Долбоорду сөзсүз коомдук талкууга алып чыгуу зарыл. Жергиликтүү жашоочулар арасында гана эмес, бардык элдин пикирин билиш керек. Ысык-Көл бүтүндөй Кыргызстандын жаратылыш байлыгы да".

Баса, Сабировдун айтымында, жакын жерде жашаган калк бул долбоорду кубануу менен кабыл алды.

Жаңы шаарды куруу планы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, кээ бирлер бар шаарларды оңдоп, өнүктүрүү зарыл эле деген оюн ортого салышууда. Мындай пикирге Айгүл Насирдинова да кошулат:

"Токмокту ушинтип өнүктүрүүгө эмнеге болбосун? Даяр шаар турат. Дагы төрт ишкана кургула. Бишкекке анча күч келбейт эле. Караколду Борбор Азиянын Куршевель курортуна айландыргыла. Ал жерлердин өнүгүүгө шарттары жок эмес. Караколдо анын үстүнө тоо-лыжа базасы бар. Ылдый жагында көл турат. Башка өлкөлөр менен байланыш бар. Органикалык өндүрүшкө бир нече гектар жер бөлүп бергиле. Ишенимдүү негиздеменин жоктугунан катардагы адамдар бул долбоорду күмөн саноо менен кабыл алышууда".

Расмий маалыматка караганда, “Асманды” курууга болжол менен 20 миллиард АКШ доллары кетет. Сабиров долбоорго жеке инвестициялар тартыларын, азыр эки инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. Курулуш 3 айдын ичинде башталышы мүмкүн.

"Дүйнөнүн кайсы булуң-бурчунан болбосун, инвестор келип туруп Бишкек шаарынан мага 20 гектар жер бергиле, өзгөчө проект менен шаарча же микрорайон курам десе, бере албайбыз. Ал жерден 100 гектар сураса да бөлө алабыз".

Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстанда ушу тапта 32 шаар бар. Эгемендик алгандан бери өлкөдө жаңы шаарлар курулган эмес.

XS
SM
MD
LG