Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешине шайлоодогу добуштарды кайра эсептеп чыгуу тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды.
"Эмгек" жана "Асыл Мурас-Жаштар" партиялары бул шаардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып аймактык шайлоо комиссиясына кайрылган жана ал 16-июлда колдоо тапкан.
Бирок "Бирге-Вместе", "Эл Биримдиги" жана "Патриот Ынтымагы" партиялары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана добуштарды кайра эсептөө тууралуу токтомго каршылыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан. Боршайкомдун жумушчу тобу маселени 18-июлда карап добуштарды кайра эсептөө тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимди негизсиз деп тапты.
11-июлда Токмок шаардык кеңешине шайлоодо жогоруда аталган партиялардын баары өткөн. (SE)