Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

COVID-19: Түштүк Кореяда карантин чаралары күчөтүлдү


Түштүк Кореядагы коронавирусту дарылаган бөлүмдө иштеген дарыгерлер. 1-март, 2021-жыл.
Түштүк Кореядагы коронавирусту дарылаган бөлүмдө иштеген дарыгерлер. 1-март, 2021-жыл.

Коронавируска чалдыккандардын саны Түштүк Кореяда өсүп жатат. 10-июлда баш калаа Сеул жана анын жака белинде миңден ашуун адамдан коронавирус чыккан. Мындан улам бийлик карантин чараларын күчөттү. 12-июлдан тартып, кечки саат алтыдан баштап үчтөн көп адам чогулууга болбойт. Түнкү клубдар, чиркөөлөр жабылып, карылар үйүнө, ооруканаларга жакындарын көрүп барууга тыюу салынат.

Ал эми Американын калк жыш жайгашкан Нью-Йорк жана Флорида штаттарында коронавируска чалдыккандардын саны мурдагы жумага салыштырмалуу өсүп жатат. Нью-Йоркто 42%, ал Флоридада 30%га жогорулаган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, буга жугуштуу деп саналган "дельта" штаммы себеп болууда.

Нью-Йорктун 20 миллион калкынын 55% толук эмделген. Ал эми Флорида жашаган 11 миллион адамдын 58% вакцинанын эки же бир дозасын алышкан.

XS
SM
MD
LG