9-июлда Кыргызстандын айрым аймактарында күн ысык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39;
Талас облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 22…27, күндүз 36…41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Нарын дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32 градус ысыйт.
9-июлда Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 24…26°, күндүз 37…39° ысык болот.