Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Ташиев: Баткенде күйүүчү май аткезчилиги күчтүү болгон


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн май куюучу бекеттердин бири.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн май куюучу бекеттердин бири.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин 8-июлдагы маалымат жыйынында журналисттер Баткендеги күйүүчү май аткезчилиги жөнүндөгү иликтөөдө анын аты аталганына кызыгышты. Ага Ташиев мындай жооп берди:

“Токтакунов туура айтат. (ред: журналист Али Токтакунов) Кичинекей Арка айылында 15 май куюучу жай болгон. Эмнеге? Алар күйүүчү майды коңшу өлкөгө сатышкан. Аткезчилик ошол май куюучу жайларда болгон”.

Бирок, Ташиев иликтөөдө өзүнүн аты аталганы тууралуу суроого жооп берген жок.

Эркин журналист Али Токтакунов “Баткендеги май куюучу жайлар кимдики?” аттуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө май куюучу жайларга аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары ээлик кылары көрсөтүлгөн. Ошондой эле, бир май куюучу бекет “Томас жана Ко” аттуу компанияга тиешелүү экени, ага Ташиевдин тиешеси бардыгы айтылган.

Ачык маалыматка ылайык, Ташиевдин уулу Тай-Мурас "Томас жана Ко" жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчисинин орун басары.

УКМК Али Токтакуновдун Баткендеги май куюучу бекеттер тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу билдирүү таратып, анын бири УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык болгон деген маалыматты четке каккан.

28-29-30-апрелдеги Баткендеги чек ара жаңжалында Лейлек районундагы турак жай, имараттардан тышкары май куюучу 27 бекет толук өрттөлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG