Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Тажикстан ЖККУга жардам сурап кайрылды


Тажик-ооган чек арасындагы Тажикстандын жоокери. Иллюстрациялык сүрөт.
Тажик-ооган чек арасындагы Тажикстандын жоокери. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын ЖККУдагы өкүлү Хасан Султанов Ооганстан менен чек арасын кайтаруу үчүн уюмдан жардам сурады.

"Аймактагы кырдаалды жана Ооганстан менен чек аранын кээ бир жерлери тоолордо экенин эске алганда, чек араны жалгыз кайтарууда кыйынчылык жаралып жатат",- деди Султанов.

Ал акыркы эки жумада 1,5 миңдей ооган аскери Тажикстанга качып өткөнүн мисал келтирди.

Орусия буга чейин Тажикстанга чек арасын бекемдөөгө жардамдашууга даяр экенин билдирген. Тажикстанда Орусиянын 201-аскер базасы жайгашкан. "Интерфакстын" белгилешинче, бул Орусиянын чет өлкөдөгү эң ири жана кубаттуу аскер базасы.

АКШ баштаган эл аралык аскер күчтөрү Ооганстандан чыга баштагандан тарта "Талибан" кыймылы өлкөдө элүүдөн ашуун аймакты басып алды. Тажик бийлигинин маалыматында, учурда ортодогу чек аранын үчтөн эки бөлүгү талибдердин көзөмөлүндө. Жалпы тажик-ооган чек арасы 1350 чакырымдан ашуун.

Дүйшөмбү качкындардын саны өсүшү ыктымалдыгын белгилеп, өз аймагына кире качкан ооган аскерлерин баш калка жана азык-түлүк менен камсыздоо башталганын билдирди.

Тажикстан 6-июлдан бери 600дөй ооган жоокерин төрт учак менен кайра Ооганстанга жөнөттү. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрүндөгү булактар Reuters жаңылыктар агенттигине ырастагандай, жакынкы күндөрү дагы 300дөй ооган аскери мекенине жөнөтүлгөнү турат.

XS
SM
MD
LG