Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Инандынын табылышы, бийликтин жүйөсү


Орхан Инандыны бошотууну талап кылган акция. Июнь, 2021-жыл. Бишкек шаары.
Орхан Инандыны бошотууну талап кылган акция. Июнь, 2021-жыл. Бишкек шаары.

Бир айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны Түркиянын атайын кызматы алып кеткени белгилүү болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияда камакта жатканы белгилүү болгон Орхан Инандыга байланыштуу түрк элчиси Ахмет Садык Доганды 6-июлда чакырып, нота тапшырды.

Президент Садыр Жапаров теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга тымызын алынып кеткенине байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарына комментарий берди. Ал Түркиядан Инандыны берүүнү талап кыларын айтты:

“Орхан Инанды жоголгону тууралуу маалымат чыгары менен мен дароо укук коргоо органдарынын жетекчилерин чогултканымды билесиздер. Мен аны тез арада табууга бардык аракеттерди көрүүнү, чек араны жакшылап карап турууну тапшыргам. Ошол эле күнү Орхан Инанды тууралуу кеңири маалымат алгам. Көрсө, Инандыны 2016-жылдан бери уурдоого үч жолу аракет жасалган экен. Үчүнчү аракет кышында эле болгон жана аны УКМКнын кызматкерлери сактап калган. Орхан Инанды менен үй-бүлөсү аны билет. Ошондо УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инандыны “жалгыз жүрбөңүз, жансакчыларды алыңыз” деп эскерткен. Бирок ал буга көңүл бурган эмес”.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган нота тапшыруу учурунда Орхан Инандыны түрк жараны деп тааный турганын билдирген. Элчи түрк тарап аталган операциянын Кыргызстандын аймагында болгону жөнүндө жарыя кылбаганын айткан.

Бир айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматынын колунда экени 5-июлда белгилүү болду. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны сотко өткөргөнүн жарыя кылды:

"Улуттук чалгын уюмубуз өзгөчөлүү жана сабырдуу иш-аракеттердин натыйжасында Гүлен кыймылынын Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү Орхан Инандыны биздин өлкөгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Бул мамлекетке жана улутка чыккынчылык кылган, буктурмага кабылган, кан төккөн, материалдык жана моралдык зыян келтирген бир дагы түзүмдүн жашоосунун улантышына жол бербейбиз. Бул киши Гүлен кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, арам акчаны Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле Гүлен кыймылы менен да күрөштү улантабыз".

Ал ошондой эле буга чейин Түркияга чет өлкөлөрдөн Гүлен кыймылына түздөн-түз байланышы бар деген 100дөн ашык түркиялык жаран алынып келингенин кошумчалады. Алардын арасынан айрымдарынын кайсыл өлкөдөн кармалып, Түркияга жеткирилгени ачык айтылды.

Селахадин Гүлен, Ахмет Йигит жана Исмаил Оккалы Түндүк Кипрден, Гүрбү Севилай жана Тамер Авжы Өзбекстандан, Ясин Инан Украинадан, Хасан Хүсайин Гүнакан Косоводон Түркияга жеткирилгени маалым болду.

Буга чейин Орхан Инандынын аялы Рейхан Инанды жолдошу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында кармалып турат деген маалымат алганын айтып чыккан. Бирок аны түрк элчилиги четке какканы кабарланган.

Рейхан Инанды күйөөсү бир нече жылдан бери Кыргызстандын жараны болгондуктан, анын мындан аркы тагдырына кыргыз бийлиги жооптуу деген көз карашын билдирди:

“Бийлик катары өз жаранын алып келиши керек да. Муну мен эми аларга айтканым зарыл эмес, бийлик өз милдетин билиши керек. Бул жактан кыргыз жараны Түркияга берилди же уурдалып кетти. Эми бийлик аны кайтарууга тийиш. Бул өлкөнүн макамы жана келечеги үчүн маанилүү маселе да”.

Президент Садыр Жапаров Түркияга жасаган иш сапары учурунда Режеп Тайып Эрдоган менен Орхан Инанды тууралуу да сөз кылганы кабарланган. Жапаров анда Эрдогандан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сураганда түрк президенти аны тааныбай турганын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун айтканын жана “Гүлен кыймылына тиешеси барлар тууралуу билгим да келбейт” деп жооп бергенин кыргыз президентинин басма сөз катчысы билдирген.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Түркияда камакта жаткан Орхан Инанды өлкөнүн билим берүү системасына чоң салым кошкон, кыргыз жараны экенин белгилеп, анын уурдалышы мамлекеттин суверендүүлүгүнө кол салууга барабар деген ойдо:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын аймагында эркин жүрүп, жарандарын уурдап кеткендиги - бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете. Суверенитет четинен кертилип сатылбаш керек. Ошондуктан, бул окуяга кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасаш керек”.

Орхан Инанды - Кыргызстанда мурдагы "Себат", азыркы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин негиздөөчүлөрүнүн бири. Кыргызстанда 1995-жылдан бери иштеп келген. 2001-жылдан бери “Сапаттын” президенти болчу. 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле учурда Түркиянын жарандыгынан да баш тарткан эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын кабарлаган.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматтары тарабынан уурдалышы тууралуу буларды айтты.

Аскар Бешиов
Аскар Бешиов

“Эки мамлекеттин ортосунда ар кандай маселе чыгат. Бул жашоо, турмуш. Турмушка, байланышка жараша ар кандай суранычтар болот. Эл аралык тажрыйбада мындай нерсе боло келген көрүнүш. Бирок ар бир өлкө үчүн кызыл чек бар. Ушул чекке чейин сиздердин суранычты аткарып, мамиле күткөнгө даярбыз, бирок, ушул чектен өтпөйбүз деген. Ошол чек кыргыздын жарандуулугу. Паспортто, Конституцияда атуул мамлекеттин коргоосунда болот, паспорттун ээси кыргыз мамлекетинин коргосунда жүрөт деп бадырайта жазылган. Бул мамлекеттин түптүүлүгү”.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, бир канча адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн бозгундагы диниятчы Фетхулла Гүленди күнөөлөп, АКШдан анын өткөрүлүп берилишин талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллахчы террордук уюм") деп жарыялаган.

Төңкөрүш аракетинен кийин Түркия кыргыз бийлигинен Гүлен кыймылына тиешеси бар деген билим берүү борборлоруна чара көрүүнү талап кылган. Кыргызстандын ошол кездеги жетекчилиги Анкаранын талабын аткаруудан баш тарткан.

Кыргызстандын жарандыгын алган Орхан Инанды Түркиянын дагы жараны болгондугун унутпаш керек деген саясий эксперт Айбек Теңизбаев эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу үчүн эртели-кеч бул маселеге чекит коюлуш керек эле деп эсептейт.

Айбек Теңизбаев
Айбек Теңизбаев

“Бул окуяга жалпы контекстин ичинде баа берсек туура болот. Бул уюм Түркияда мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракетин көргөн. Түркиянын бийлиги дагы оппозициясы дагы бул уюм жасаган төңкөрүш аракетинде жүздөгөн адам өлгөнүн, бул уюм жабык диний жамаат экенин моюнга алат. Кыргызстан үчүн өтө оор маселе болду. Мен эгер Кыргызстан расмий Анкара менен мамилесин жакшырта турган болсо, бул уюмдун маселесине чекит коюш керек деп айтып келем. Президент Садыр Жапаровдун канчалык тиешеси бар экенин айта албайм. Бирок, Түркиянын атайын кызматынын Инандыны алып кеткендиги Садыр Жапаровдун тандоо жасаганынын белгиси катары кабыл алдым. Түркия менен мамилени жакшыртабыз десек, бул ишке чекит коюш керек”.

Саясий эксперт Нурсултан Акылбек Инандынын уурдалышына бийлик башындагылар жооп бериш керек деген пикирде.

Нурсултан Акылбек
Нурсултан Акылбек

“Президент Баш мыйзам боюнча мамлекеттин кепилдиги, алты миллион адам үчүн жеке жоопкер. Мындай чоң операция президентке айтпай өтпөйт. Баш мыйзам боюнча кыргыз жараны чет өлкөгө берилбейт деп жазылган. Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин түз жоопкерчилигин караш керек. Чалгын кызматынын шалаакылыгы же аларга жардам берген. Октябрь айынан бери Чек ара кызматы атайын кызматка карап калган. Сыртка кимди чыгарып кетпесин Чек ара кызматы жоопкер.

Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалганы белгилүү болгон соң, бул ишти "Батукаев иши" менен салыштыргандар да болду. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Орхан Инандынын окуясы кийин “Батукаев – 2” ишине айланышы мүмкүн экенин айтууда.

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

"Батукаевди чыгарып жиберген операция бийлик алмашкандан кийин аки-чүкүсү белгилүү болбодубу. Бул дагы ошондой болушу мүмкүн. Азыр ар кандай комиссия түзүлөт, бирок бийлик каалабаса жаап коет. Бийлик алмашкандан кийин тагыраак белгилүү болгонун көрүп жүрөбүз. Профессионалдык иликтөө болсо, эртели-кеч ачыкка чыгып, баары жоопко тартылат. Чын эле Кыргызстандагы кылмыштуу топтун өкүлдөрү жардам бергенби же бийлик жардам бергенби, белгилүү болот”.

Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшыруу учурунда Түркиянын аракети "Адам укугу боюнча жалпы декларация жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты одоно бузат" деп белгилеген.

Министрлик Орхан Инандыны кыргыз жараны катары мекенине кайтарууга, Баш мыйзамга жана эл аралык укуктук жоболорго ылайык, анын укугун коргоого бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Сапат” билим берүү мекемелери 16 лицейди, эл аралык “Ала Тоо” университетин, эл аралык “Силк Роад” мектебин, төрт толук эмес жалпы билим берүү мектебин камтыйт. Бул мекемелерде 10 426 мектеп окуучу жана студенттер билим алууда.

Инандынын табылганына кандай баа бересиз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG