Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

Талас: каржы пирамидага акча бергендер акцияга чыгышты


Таластагы нааразылык акциясы.
Таластагы нааразылык акциясы.

Таласта облустук акимчилигинин алдында 5-июлда каржы пирамидасына акча берген 200дөн ашуун жаран нааразылык акциясына чыгышты.

Алар пирамидага байланыштуу "Эл биримдиги" уюмунун башчысы Кубатбек Түлкүбаевди бошотууну талап кылып, уюмдун ишмердүүлүгүн улантууну суранышууда. Айрымдары акчаларын ала албай калганын айтышты.

Акцияга чыккандар менен облус башчысы Бакытбек Нарбеков жолугуп, долбоор башчыларынын камалышы мыйзамдуу экенин жана териштирүү бүткөндөн кийин тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Таласта жыл башынан бери каржы пирамидасына алдангандардын саны 500дөн ашкан жана 200дөн ашык адамдан милицияга арыз түшкөн.

Долбоордун башында турган үч адамды милиция соттун чечими менен камакка алган. (MKt)

XS
SM
MD
LG