Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Бишкек: коронавирус аныкталган 431 адамдын оорусу симптомсуз


Оорукананын алды. Бишкек. 2-июль, 2021-жыл.
Оорукананын алды. Бишкек. 2-июль, 2021-жыл.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, COVID-19 вирусуна чалдыкканы 4-июлда лабораториялык жактан тастыкталган 907 адамдын 431и оорунун симптомдорун сезген эмес. Алар оорулуу адамдар менен байланышта болгону үчүн текшерилген кезде аныкталган.

Калаа башчылыгы ошондой эле оору аныкталгандардын ичинен 776 адам Бишкекте катталганын, 131 киши башка жактан келгендер экенин билдирди.

907 адамдын 35и ооруканага жаткырылган.

Кыргызстанда 4-июлда COVID-19 илдети дагы 1401 кишиден жаңы аныкталды, илдеттен он адам каза болду. Ушуну менен коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 130 633 кишиге жетти. Оорудан жалпысынан 112 644 адам сакайды. Жалпысынан оорудан көз жумгандардын саны 2037 адамга жетти.

Өлкөдө былтыр июндун акырында жана июлдун башында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны эселеп өсүп кеткен. Ал кездеги жоготуулар "кара июль" деген аталыш менен элдин эсинде калган. Эң жогорку көрсөткүч катары 2020-жылдын 15-июлунда 85 адам каза болгону, 19-июлунда илдет бир суткада 1485 кишиден табылганы айтылып жаткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG