Жогорку Кеңеште “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каттоодон өткөн 97 депутаттын 59у “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.
Талкуу учурунда депутаттар ортосунда кызыл чеке талаш жаралды.
Депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам демилгечиси Гүлшат Асылбаеваны Кыргызстанды Түркмөнстанга айлантууга салым кошуп жатат деп сындады.
“Кыргызстан Борбор Азиядагы демократия аралчасы деп сөз эркиндиги, адам укугу жагынан алдыга кеттик эле, мындай мыйзамдар менен Кыргызстанды артка тартып жатасыңар. Биздеги байлык Кумтөр эмес – демократия. Бул мыйзам элдин, оппозициянын оозун жапканга аракет болуп жатат. Коом сөз эркиндиги, адам укугу болгондо тазаланат. Бийлик коркутуп, ар кимдин оозун жапканда коом тазаланбайт. Бул мыйзам менен Түркмөнстанга алып кетип жатасыңар”.
Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева мыйзам кабыл алынса сөз эркиндигине тоскоолдук жаралбасын айтып, каршы чыккандарды кызыкдар тараптар деп атады.
"Дүйнөлүк коомчулук жалган маалыматтар менен күрөшүп жатат. Демократиянын негиздери жалган маалыматтарды таратууга каршы келет. Сиздер демократияга каршысыңарбы? Көчөгө чыккандар мыйзам долбоору өтпөй калышына кызыкдар тараптар. Рита Карасартова митинг кылганга аракет кылды. Алар митинг кылгандан башка эмне пайда келтирип жатат? Демек коомдун агарышына каршысыңарбы?".
Буга чейин “Медиа полиси” институту сөз болуп жаткан мыйзам долбоору тууралуу кеңири анализин жарыялаган.
Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы жазылган. Иш жүзүндө жалган маалыматты чектөө шылтоосу менен бийликтегилер алардын ишмердүүлүгүн жана жүрүм-турумун сынга алууга тыюу салганы жатканы белгиленген.
Депутат Рыскелди Момбеков мыйзам долбоору кабыл алынса, бийликке каршы сүйлөгөндөргө курал болуп калаарын айтып, кесиптештерин мыйзамды колдобоого чакырды.
“Бул мыйзам иштебейт. Ачыгын айтканда, иштей турган болсо бийликтин куралы болуп иштейт. Фейктер, троллдор анан ар-намысты коргоо деп жатасыңар. Ар-намысы бар адам, ар намысын соттон эмес, көкүрөктөн, анан элдин арасынан издейт. Сенин кандай экениңди эл билет. Комментарийлерди окуп алып, ага маани бербеш керек. Сен ага чыда, ал жазган чындык эмес. Бул мыйзамды аткара турган, каржылай турган орган жок. Буту-колу жок эле мыйзамды кабыл алып коелу деп жатабыз. Бул сөз эркиндигине тоскоолдук жаратат. Бул мыйзам бир гана бийлик үчүн, сөз эркиндигин муунтуу үчүн иштейт”.
Мыйзам долбоорунун колдоочусу, "бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунун" автору, депутат Бакытбек Райымкулов мыйзам долбоорун керек болсо дагы күчтөндүрүп кабыл алуу керектигин айтты.
“Фейтерди жалаң эле оппозиция эмес, бийликте дагы колдонгондор бар. Бул мыйзам кабыл алынса, ким фейк колдонуп жатканынын жүзү ачылат. Мыйзамды колдоп, керек болсо дагы күчтөндүрүш керек. Акчасы барлар, сырттан келген акча менен адамга гана эмес, мамлекетке дагы туура эмес сындарды алып келип жатат”.
Депутат Тазабек Икрамов дагы мыйзам долбоорун кабыл алыш керек деп үн кошту.
“Патриот, арстан, карышкыр, бүркүт деген аттарды коюп алып каалаганын сөгөт, каалаганын жазат. Буларга иштеп жаткан өкмөт дагы жакпайт”.
Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов сын пикирден корккон адам саясатка келбеши керек экенин айтты.
“Кыргызда "Чегирткеден корксоң, эгин экпе" дейт. Эгер фейктен корксок депутат, чоң болуп эмне кереги бар? Фейктердин айтканынын жок дегенде 10% чын. Бул мыйзамга каршымын, ар-намысыбызды бул мыйзамсыз эле коргоп алабыз”.
“Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору былтыр “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деген аталыш менен парламентте үч окууда колдоо таап, президенттин кол коюсуна жөнөтүлгөн. Коомчулуктун нааразычылыгы, бир канча митингдерден кийин мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кол коюудан баш тартып, кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке кайтарган.
Бир жылдан кийин аты өзгөртүлүп, кайрадан парламентке алынып чыккан мыйзам долбоору караларда жарандык коомдун өкүлдөрү акүйдүн алдына кайрадан нааразычылык акциясына чыкты.
Акциянын уюштуруучусу, укук коргоочу Рита Карасартованын айтуусунда, мыйзам долбоору кабыл алынса бийликти сындаган адамдарды куугунтуктаган, жүдөткөн куралга айланат.
“Чоң-чоң мамлекеттер мындай күрөш натыйжалуу эмес деп тапкандан кийин 6-чакырылыштын депутаттары эмнеге жармашып калды билбейм. Жээнбековдун тушунда митингден кийин токтоп калган. Азыр президент бардык бийликти колуна алды, бул мыйзам өтүп кетсе "мен бийлейм" деген саясаттын жыйынтыктоочу этабы болот. Мыйзам активисттердин, маалымат каражаттарынын жана блогерлердин оозун жабуу үчүн жазылган. Үн катып, "саясатың туура эмес" деп айткан кишилерди суракка чакырып, жүдөтүп, бир нерсе таап алса, камакка алганга мүмкүнчүлүк болот”.
Нааразылык акциясына чыккан журналист Лейла Саралаева азыркы мамлекет жетекчилерин мурдагы бийликтин катасын кайталабоого чакырды.
“Депутат Гүлшат Асылбаева бул мыйзамды мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине кескин сын пикир айтыла баштагандан кийин демилгелеп чыкканын унутпасак. Жарандык коомдун каармандык менен күрөшүнүн аркасында президент чегинип, мыйзамга кол койгон эмес. Октябрь окуяларынан кийин Асылбаева бул мыйзамды кайра көтөрүп чыкканы кыжырды келтирет. Бул мыйзам мурдагы президент баскан тырмоок экенин унутуп калыштыбы? Ошондуктан биз азыркы бийликти эски каталарды кайталабагыла деп эскертип чыктык".
Ошентип Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды.
Мыйзамга адегенде 64 депутат "макул", 32 эл өкүлү "каршы" добуш берген.
Добуш берүүдөн кийин депутат Бактыбек Райымкулов айрым депутаттар адашып калганын айтып, кайра добуш берүүнү талап кылды. Буга эл өкүлү Дастан Бекешев каршы чыкты. Бирок депутат Акулу Бердиев добуш берүүгө жетишпей калгандыктан мыйзам кайра добушка коюлган.
Анын жыйынтыгында 59 депутат “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.
Ал тапта Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жаткан. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталган. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөшкөн.