Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Музыкага да таасир эткен коронавирус


АКШдагы «Метрополитен-опера» труппасы.
АКШдагы «Метрополитен-опера» труппасы.

Коронавирус кантип оркестрге таасирин тийгизди? Жыт сезүү канча убакытта калыбына келет? Кадимки жазуу аркылуу кантип адам өзүн тааныйт? “Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктар.

Коронавирус жана музыка

Коронавирус бардык тармактарды өзгөрүүгө кептеди. Анын ичинде маданият тармагы да бар. Концерттик иш-чаралар учурунда коронавирустун жайылуу ыктымалдуулугун азайтуу үчүн атайын изилдөө жүргүзүлдү. Ал изилдөөлөргө таянып, Ютанын симфониялык оркестри музыканттардын жана аспаптардын сахнадагы орундарын алмаштырышты.

Натыйжада урма аспаптар, фортепиано жана арфа сахнанын ортоңку бөлүгүнө жылдырылып, ал эми бардык үйлөмө аспаптар сахнанын түпкү четтерине, сахнадагы абаны алмаштырып турган түтүктөргө жакын жерге коюлган.

Изилдөөчүлөр Science Advances илимий журналына 23-июнь күнү билдиришкендей, маданий иш-чаралар учурунда эшик-терезелердин ачуудан тышкары музыканттарды мындай жайгаштыруу коронавирус илдетинин аба аркылуу жугуу ыктымалдуулугун кыйла азайтат.

Себеби, ырчылар сыяктуу эле үйлөмө аспаптарды аткаруу учурунда аны ойноп жаткан музыканттардын шилекейинин чачырандысы абада калкып, оорунун жайылышына шарт түзөт.

“Кылдуу жана урма аспаптарды ойногон музыканттар беткап тагына алышат. Бирок үйлөмө аспап ойногондор вирус иштеп чыгуучу болуп жатышат”, - дейт Юта университетинин инженер-химиги Тони Саад.

Бирок мындай өзгөрүүлөр музыканын жаңырышына бир аз таасир этип, музыканттарга, асыресе дирижерго ыңгайсыздык жаратып жатканын Юта университетинин дагы бир инженер-химиги Жеймс Сазерленд айтып чыкты.

Коронавирус таасир эткен оркестр
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00
Түз линк

Жыт сезүү кайра качан калыбына келет?

COVID-19 илдетинин негизги белгилеринин бири жыт сезбей калуу экендиги белгилүү.

Дарыгерлер коронавирустун оор түрү менен ооруган 100 адамдын сакайышына байкоо жүргүзүшкөн. Натыйжада жыт сезүү бир жыл ичинде кайра калыбына келери аныкталды. Дарыгерлердин бул изилдөөсүнүн жыйынтыгы JAMA Open Network илимий медициналык журналына жарыяланды.

Страссбург университетинин медицина кызматкерлери жүргүзгөн бул изилдөөгө 100 киши катышып, ар төрт ай сайын атайын тесттерден өтүп, текшерилип турушкан. Натыйжада алгачкы төрт айда катышуучулардын 83%, 8 айда 96% жыт сезүү жөндөмү калыбына келген. Тесттин жыйынтыктары жакшы болгону менен, катышуучулардын теңи жыт сезүү жарым-жартылай гана калыбына келгенин билдиришкен. Ал эми узак убакытка чейин жыт сезе албай жабыркагандар 2% гана түзгөн.

Изилдөөчүлөр тобу коронавирус аносмияга же жыт сезбей калуунун өрчүшүнө өтө сейрек учурда гана алып келет деген тыянак чыгарышкан.

Өзүн-өзү таанууга жардам берчү жазуунун үч түрү

Жазуунун адамдын психикалык абалына тийгизген оң таасири жөнүндө 200дөн ашуун изилдөө жүргүзүлгөн. Бул ирет окумуштуулар жазуу адамдын өзүн-өзү таанышына шарт түзөрүн аныкташты. Ал эми өзүн-өзү таануу адамга ишеним берип, коюлган максаттарга ылайык туура чечим кабыл алууга жана башкаларды кабыл ала билүүгө түртөт.

Изилдөөчүлөр өзүн-өзү таанууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк берген үч жазуу ыкмасын белгилешти.

Алгачкысы экспрессивдик жазуу (expressive writing). Мындай жазуу терапевтик максатта колдонулат. Мында адамдар жашоосундагы оор учурларга байланыштуу ойлорун, сезимдерин жазышат. Мындай жазуу оор нерсени эмоционалдык жактан карап чыгууга шарт түзөт. Изилдөө көрсөткөнөй, экспрессивдик жазуу депрессиянын белгилерин жана жаман ойлорду азайтат.

Окумуштуулар баалаган дагы бир жазуунун түрү – рефлексивдүү жазуу (reflective writing). Бул ыкманы адатта дарыгерлердин, мугалимдердин, психологдордун, социалдык кызматкерлердин иштөө натыйжалуулугун жакшыртуу үчүн колдонушат. Мындай жазууда адам өзүнө суроо берип, ага ачык жооп берүүгө аракет жасайт. Бул жазуу адамдын жеке ишенимдерин жана аракеттерин баалоого шарт түзөт.

Өзүн-өзү таанууга жол ачкан соңку жазуу ыкмасы – чыгармачыл жазуу (сreative writing). Ырлар, аңгемелер, повесттер жана романдар чыгармачыл жазуунун үлгүсү. Мында адам элестетүүсүн, эс тутумун же образ, метафора сыяктуу адабий ыкмаларды колдонот. Чыгармачыл жазуу жеке ойду, сезимдерди, идеяларды жана ишенимдерди терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Мисалы, сиз достук жөнүндөгү жеке ишенимиңизге таянып балдар үчүн аңгеме жаза аласыз. Өзүн-өзү таануу менталдык ден соолуктун негизги компоненти. Ал эми жазуу анын жакшыртуучу күчкө ээ. Андыктан, жеке ойлоруңузду кагазга түшүрүп, өзүңүздү таануудан тартынбаңыз.

XS
SM
MD
LG