Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болду


Садык Шер-Нияз
Садык Шер-Нияз

Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмуна (ЮНЕСКО) туруктуу өкүл болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин Парижде Кыргызстандын дипломатиялык кеңсеси жок болчу. Франция менен дипломатиялык карым-катнашты Кыргызстандын Брюсселдеги элчилиги жүргүзчү.

Садык Шер-Нияз 2015-жылы Жогорку Кеңешке “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен депутат болуп, беш жыл парламентте отурган. 2020-жылы ал мандатынан өз каалоосу менен баш тарткан.

2010-жылы маданият жана маалымат министри болуп иштеген.

“Айтыш” фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз быйылкы президенттик шайлоого талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип, кийинчерээк ага катышпай турганын жарыялаган.

Буга чейин Францияда Кыргызстандын өзүнчө элчилиги жок болчу. Бул кызматты Белгиядагы элчи Муктар Жумалиев кошо аткарып турган. (MiK)

XS
SM
MD
LG