Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:16

Ошто жана Токмокто 5 миңге жакын адамдын каттоосу жокко чыгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош жана Токмок шаарларында 5 миңге жакын адамдын каттоосу жокко чыгарылды. Бул тууралуу 17-июнда “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, бир апта ичинде Ошто 4000, Токмокто 800 адам каттоого мыйзамсыз турганы аныкталып, аларды каттоого алуу тууралуу чечимдер жокко чыгарылды.

Журабаева 2020-жылдын август айында бир дарекке ондон ашуун киши катталса милицияга кабарлоо тапшырмасы берилгенин, үйүнө жапырт каттоо жүрүп жатканын билгендер да, билбей калгандар да болгонун, текшерүү учурунда шаарда катталган айрымдар ал жакта жашабай турганы аныкталганын айтууда:

“Ошол жакка текшерип барышса, шаарда катталганы, ал эми чыныгы жашап жаткан жери айыл экени белгилүү болду”.

Былтыр апрелде Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болмок, бирок коронавируска байланыштуу абалдан улам бул өнөктүк убактылуу токтотулган. Февраль айында Ош, Токмок жана Каракол шаарларына жакын аймактарда адамдардын жапырт каттоого турушу байкалган. Муну шайлоого катышууну пландаган айрым саясий партиялар добуш сатып алуу үчүн уюштурганы айтылган. Башкы прокуратура сотко чейинки териштирүү баштаган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бул шаарларда кайра шайлоо 11-июлда өткөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG