Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турган болду. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун Анкара сапарынын алкагында кабыл алынды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин көпчүлүк кыргыз бийлигин Түркиядан аскердик жардам алууга үндөп келген эле.
Министрден чыккан кеп
Бишкек менен Анкаранын ортосундагы аскердик кызматташууга байланыштуу соңку маалыматты Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жарыялады. Ал президент Садыр Жапаровдун Түркиядагы алгачкы иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу билдирүү жасап, андагы негизги жетишкендиктерге токтолду.
Министрдин айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин бешинчи жыйынында, эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери талкууланды. Анын жыйынтыгында саламаттык сактоо, айыл чарба, маданият, спорт, жаштар саясаты жана автордук укуктарды коргоо жаатында эл аралык деңгээлдеги сегиз документке кол коюлду. Казакбаев анын ичинде ыктымал жардамдар жөнүндө да учкай айтып өттү:
“Президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу - эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш болду. Тараптар бири-бирине саясий колдоо көрсөтүү тууралуу пикир алмашты. Алгачкы байланыш аябай жогорку деңгээлде өттү деп баалайт элем. Маанилүү бир маселе — эки өлкөнүн жарандарынын сапарларын жөнөкөйлөштүрүү, атап айтканда, визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу талкууланды. Кездешүүдө мындан сырткары аскердик-техникалык кызматташуу темасы да кеп болду. Түрк тарап Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниетин билдирди”,- деди Руслан Казакбаев.
Министрдин маалыматы президенттин сайтына да коюлду. Бирок анда Анкара аскердик тармакта канча жардам кылары жана эмне берери так айтылган жок.
Президенттин сайты жазгандай, Жапаров 9-июнда, Анкара шаарында өткөн Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташтыгынын жогорку кеңешинин 5-жыйынында эки өлкөнүн достугу күн санап жаңы баскычка көтөрүлүп баратканын белгилеген. Ал муну менен катар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарына токтолуп, саясий диалогду жана аскердик чөйрө менен коопсуздук боюнча өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүн козгогон.
Кыргызстандын лидери кибер кылмыштуулукка, аткезчиликке, баңги заттарды, курал-жарак жана адам сатууга, мыйзамсыз миграцияга жана терроризмге, ошондой эле эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка жаңы коркунучтарды туудурган улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы турууга чечкиндүүлүгүн билдирген.
Садыр Жапаров глобалдык жана региондук саясаттагы негизги позициялардын окшоштуктарын баса белгилөө менен эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында коопсуздук жаатындагы кызматташууну чыңдоо зарылчылыгын ырастаган.
“Мындан сырткары президент Садыр Жапаров Борбор Азиядагы региондук коопсуздукту чыңдоонун жана бул себептен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана коргонуу дараметин бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү үчүн ырааттуу аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнүн маанисин баса белгиледи”,- деп жазылган президенттин сайтында.
Муну көпчүлүк кыргыз президентинин Түркиядан аскердик жардам сураганы деп кабыл алган. Бирок бул жолугушууларда Түркия тараптын жообу белгиленген эмес болчу.
Кыргыз-тажик жаңжалынан кийинки ой
Президент Садыр Жапаров Анкара шаарында расмий иш сапар менен 9-10-июнда болуп кайтты. Анын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган аткаминерлер менен жолукту.
Анкара шаарында Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинин (СПТББ) аянтчасында түрк ишкерлер-комчулугу кездешип, кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышты. Жапаров Түркияда иштеген кыргызстандыктар менен да жолугушуу өткөрдү.
Президент Эрдоган менен жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө Садыр Жапаров негизинен экономикалык кызматташуулар темасына гана токтолду:
“Биз соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жаатында маанилүү долбоорлорду бирге ишке ашыруу боюнча бир катар маселелерди талкууладык. Кыргызстандын экономикасына түркиялык ири инвестицияларды тартуу маселесине өзгөчө көңүл бурдук. Түркиянын урматтуу президенти менен соода-экономикалык кызматташтыкты жана башка байланыштарды мындан ары да өркүндөтүүнү, соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү үчүн конкреттүү кадамдарды макулдаштык”.
Арийне, быйыл апрелдин соңунда жана майдын башында кыргыз-тажик чек арасында катталган жаңжалдан кийин Кыргызстандагы бир катар эксперттер расмий Бишкекти Анкарадан аскердик жардам алууга үндөп келишкен. Сыягы, кыргыз-түрк президенттеринин ортосунда ушул чатак да сөз болгондой.
Анткени, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган биргелешкен билдирүүдө бул теманы кыйгап өткөн жок:
“Эки бир тууган өлкөнүн ортосунда чыккан бул көйгөй бизди да кайгыга салды. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Эки өлкө бул маселени сабырдуулук менен чечип алганы биздин көңүлдү жубатты. Эки кошуна мамлекет мындан ары да көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечет деген үмүттөбүз”, -деди Эрдоган 9-июнда Садыр Жапаров менен жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында.
“Кайсы жактан болсо да жардам керек...”
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык алакада экономикалык жактан кубаттуу өнөктөш катары расмий Анкара Бишкекке түрдүү багытта колдоо көрсөтүп келген. Анын ичинде ошол эле аскердик-техникалык тармакта мурдатан эле көмөк кылчу.
Түркия Кыргызстанга 2018-жылга чейин жылына 1 млн. долларлык аскердик жардам көрсөтүп келсе, 2019-жылдан тартып ал сумма 2 миллионго көбөйөрү тууралуу маалымат мурдараак кыргыз дипломаттары тараптан расмий чыккан жайы бар.
Түркиялык талдоочу Сердар Йылмаз “Азаттыктын” "Биз жана дүйнө" берүүсүнө курган маегинде мындай ою менен бөлүштү:
“Эки өлкө аскердик жактан кызматташа алары анык. Кыргызстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) уставдарында “уюмдун мүчөлөрү башка өлкөлөр менен аскердик алака түзө албайт” деген жобо жок. Андыктан, кызматташа алабыз. Мындай кызматташтыктын жакшы үлгүсүн Казакстандан көрүп жатабыз. Түркия 2013-жылы Казакстанда “Аселсан” фабрикасын ачты. “Аселсан” - Түркиянын курал-жарак, ок-дары чыгарган улуттук ишканасы. Ушундай эле фабриканы биз Кыргызстанда, Садыр Жапаров көрсөткөн жакка ача алабыз. Биз ансыз деле, узак жылдардан бери Кыргызстанга аскердик жактан жардам көрсөтүп келе жатабыз. Айрым кыргыз аскерлери Түркияда машыгуудан өтүп жатышат”.
Түркия соңку жылдары аскердик өндүрүштө кыйла алдыга кеткени эл аралык коомчулукта белгилүү. Анын ичинде кургактагы артиллерия, кеме жана авиациялык чабуул, абадан коргонуу, ракета жана учкучсуз аппараттарды чыгаруу тармактарында бир катар жетишкендиктерге жеткен.
Өз өндүрүшүндөгү куралдарды жана техникаларды Анкара бир нече өлкөлөргө сатат же жардам катары тартуулап турат. Армения менен Азербайжандын ортосундагы соңку Карабак чырында ушул жаатта Бакуга колдоо кылганы да көпчүлүккө маалым.
Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин пикирин угалы:
“Мен кыргыз-түрк расмийлеринин ортосунда кандай келишим болгонунан кабарсыз экем. Бирок Түркия мурда деле аскердик техникалардан, жабдыктардан бизге көмөктөшүп келген. Жаңы келишимге ылайык “дагы беребиз” дешсе, бул андан да жакшы. Эгер берсе алар аскердик машинелерди, брондолгон техникаларды бериши мүмкүн. Алардын учкучсуз учактары жана артиллериялык системалары жакшы, балким ошолорун беришер. Ошол эле “Байрактар” деп аталган учкучсуз аппараттарын береби-бербейби билбейм. Алардын баасы кымбат, берсе балким өздөрүнүн рейтинги үчүн төртөө-бешөөнү тартуу кылышы мүмкүн”.
Кудайбердиев аскердик жардамды Кыргызстан башка өлкөлөрдөн деле алып келгенин белгилеп, аны соңку чек ара жаңжалы менен эле байланыштыруу туура эмес экендигин эскертет:
“Мына, 1-сентябрга чейин Ооганстанда НАТОнун аскерлери толук чыгып кетиши керек. Алар чыгып кеткенден кийин андагы террордук уюмдар баш көтөрөт. Эң негизгиси, “Талибан” бар. Алар бийликти алып, ооган жергесин өздөрү башкарганга аракет кылат. Азыр деле ошону үчүн күрөшүп келатпайбы. Ошондуктан биз эң биринчи кезекте эл аралык террордук күчтөргө карата армиябызды күчтөшүбүз керек. Анан албетте, Тажикстан тараптан болобу же башка тараптан болобу, ар кандай конфликттер катталса, аскердик күчүбүздү ошол жерде колдонобуз. Тынчтык кааласак, биз армиябызды күчтөндүрүшүбүз шарт. Бизде көп жылдан бери каражаттын аздыгынан аскер тармагыбыз өнүгө албай калууда. Аскерлерибиздин духу, даярдыгы күчтүү, бирок техника жана курал-жарак менен камсыз кылууда аксайбыз. Жашырганда эмне, көбүнчө СССРден калган нерселер менен жүрөбүз. Ошол себептен өзүбүз да бюджеттен буга көбүрөөк көңүл бурушубуз абзел жана кайсы жактан болсо да аскердик-техникалык жардам ала беришибиз керек”,- дейт экс-министр.
Албетте, Түркиянын аскердик-техникалык жардамы жөнүндө маалымат азырынча расмий Бишкек тараптан гана чыгып жатат. Түркиянын бийлиги жана дипломатиялык мекемелери бул тууралуу позициясын жарыялай элек. Бул тармактагы кызматташуунун деталдары башка форматтагы сүйлөшүүлөрдөн кийин белгилүү болушу ыктымал.
“Азаттыктын” "Биз жана дүйнө" берүүсүнүн кыргыз-түрк алакасына арналган чыгарылышы.