Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

ФБКнын экстремисттик уюм деп табылганы сынга кабылды


Орусия. Москва шаардык сотунда ФБКнын юристи Любовь Соболго каршы сот жараяны.
Орусия. Москва шаардык сотунда ФБКнын юристи Любовь Соболго каршы сот жараяны.

Amnesty International эл аралык адам укугун коргоо уюму жана "Мемориал" укук коргоо борбору орусиялык оппозиционер Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөшүү фондун жана анын башка түзүмдөрүн "экстремисттик уюмдар" деп тапкан Москва шаардык сотунун чечимин сынга алышты.

Amnesty International бул сот чечимин жарандык активдүүлүккө кол салуу деп атады. Укук коргоочулардын айтымында, чечим Орусияда пикирин эркин айтуу жана тынч чогулуу укугун чектейт.

"Мемориал" өзүнүн кайрылуусунда Москва шаардык сотунун чечиминин керек болсо, орусиялык мыйзамдар боюнча дагы укуктук негизи жоктугун белгиледи.

“Абдан карбаластаган ылдамдык менен сот чечимин чыгаруу жана соттук териштирүүнүн бизге белгилүү жагдайлары укуктун негизги принциптерин тоготпогондук”, – деп көрсөтүлгөн "Мемориал" укук коргоо борборунун билдирүүсүндө.

Орус бийлиги ФБК менен "Мемориал" укук коргоо борборун “чет элдик агенттер” деп тааныган.

Жакында кабыл алынган мыйзам боюнча Навальныйга жана анын тарапташтарына кайсы гана деңгээлде болбосун, Орусиядагы шайлоолорго талапкер катары катышууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG