Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:07

Коргоо министрлиги Лейлектеги аскердик шаарчанын курулушу боюнча түшүндүрмө берди


Аскер шаарчасынын пайдубалына президент капсула салган учур. 6-июнь, 2021-жыл.
Аскер шаарчасынын пайдубалына президент капсула салган учур. 6-июнь, 2021-жыл.

Баткен облусунун Лейлек районунда аскер шаарчасын курууга жалданма ишкана (подрядчик) тандала элек. Мындан улам курулуш иштери жылбай турганын Коргоо министрлиги 11-июнда кабарлады.

“Аскер шаарчасын куруу үчүн жер тилкеси трансформацияланып, укуктук документтер алынган. Инженердик-геологиялык, топографиялык изилдөө аяктап, архитектуралык-пландоо, инженердик-техникалык шарттар такталган, долбоордук-сметалык документтер даярдалууда”, – деп жазылган расмий кабарда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу жаңжалдан кийин, 6-майда президент Садыр Жапаров Лейлек районунун Маргун айылынын тургундарына жолугуп жатып ал жерге аскер шаарчасы курула турганын айткан. Шаарчанын пайдубалына капсула да салган.

Андан бери бир айдан ашык убакыт өткөнү менен курулуш иштери баштала элек. Кароосуз турган курулуш аймагынан тартылган видеону 10-июнда тургундар интернетке чыгарышкан. Анын артынан Коргоо министрлиги жогорудагы түшүндүрмөнү берди.

Аталган аскер шаарчасын куруу боюнча Коопсуздук Кеңешинин 2019-жылдын 8-июлунда чечими чыккан. Ал чек ара аймактарында аскердик коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт. Курулушка бюджеттен каражат бөлүнөт. (SE)

XS
SM
MD
LG