Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Чупик: Москвада кыргызстандык келинге укуктук жардам керек


Махбурат Эмилбаеванын   «Новая газета» басылмасына маегинен алынган иллюстрация
Махбурат Эмилбаеванын   «Новая газета» басылмасына маегинен алынган иллюстрация

Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупик 33 жаштагы кыргыз жараны Махбурат Эмилбаеваны полиция кызматкерлери 8-июнда кечки саат 21:00до мыйзамсыз камакка алып, себебин түшүндүрбөстөн, алигиче коё бербей жатканын «Азаттыкка» билдирди.

Чупик Эмилбаеванын полиция бөлүмүндө кармалып турганын «адам уурдоо» катар мүнөздөп, Кыргызстандын Москвадагы элчилигине кайрылган. Ал юридикалык көмөк албагандыгын белгилеп жатат.

Элчиликтин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова юристтер Эмилбаева жана Хамовники райондук полиция бөлүмү менен байланышканын билдирди. Анын камакка алынышына административдик эреже бузуу – миграциялык каттоого турган жеринде жашабагандыгы негиз болгонун айтты. Келиндин экинчи жолу камакка алынышы боюнча маалымат такталып жатат.

Орусияда жети жыл миграцияда жүргөн Махбурат Эмилбаева «Новая газета» басылмасына кайрылып, 2-июнда Москвадагы Хамовники райондук полиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз алты саатка камакка алынганын, кызуу полициячылар өзүнө күч колдонулганын баяндап берген. Экинчи жолу макала жарык көргөндөн кийин, 8-июнда кечке маал иштеген жеринен кармап кетишкенин кабарлаган.

Полиция бөлүмү комментарий бере элек. (LzT)

XS
SM
MD
LG