Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Ташиев тик учактын кырсыктаган себебин түшүндүрдү


МИ-8 МТ тик учагы кырсыктаган жер. Ош облусуна караштуу Ноокат району. 4-июнда тартылган сүрөт.
МИ-8 МТ тик учагы кырсыктаган жер. Ош облусуна караштуу Ноокат району. 4-июнда тартылган сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 5-июнда жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жатып Бишкектен Чоң-Алайга учуп баратып кырсыкка кабылган экинчи тик учактын жагдайы тууралуу маалымат берди.

Ал борбордон эки тик учак менен чыгышканын, экинчиси тоолордун ортосунда катуу шамалга кабылып, көтөрүлө албай, авариялык конуу жасаганын маалымдады. Ташиев муну “кокустук” деп атады.

4-июнда Коргоо министрлигине караштуу "МИ-8 МТ" тик учагы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда авариялык конуу жасаган. Тик учакта 15 адам болгон. Алардын үчөө ар кандай деңгээлде жараат алган. Жабыркагандар "Тез жардам" менен Ош облустук бириктирилген ооруканасына жөнөтүлгөн.

Коргоо министрлигинин маалымат кызматы бул факт боюнча кызматтык иликтөө башталганын маалымдаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик чек арачылары Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин маалымдады.

Кырдаал курчугандан улам Чоң-Алайдын чек аралаш аймактагы бир нече айылдары ичкериге эвакуацияланган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бир нече жетекчилер эки тик учак менен Бишкектен Чоң-Алайга учуп кетишкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG