Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:19

Кыйноого кабылгандарга бекер юридикалык жардам көрсөтүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кыйноого кабылгандарга бекер юридикалык жардам көрсөтүү өнөктүгү жүрүп жатат. Бул тууралуу 3-июнда “Азаттык” радиосуна “Кыйноолорго каршы коалиция” уюмунан кабарлашты.

Кыйноо жабыркаган адамга эле эмес, анын жакындарына да кыйноо алып келерин белгилеген уюм маалымат өнөктүгү 1-июнда башталып, 26-июнга чейин уланарын маалымдады.

26-июнь - Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган өнөктүк алкагында Бишкектеги “Азия молл” соода борборунда иш күндөрү саат 15:00-18:00дө каалоочуларга акысыз юридикалык жардам берилүүдө.

2011-жылы негизделген «Кыйноолорго карыш коалиция» уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар. Жалпысынан бул коалицияга 322 арыз түшкөн, анын 240 арызы боюнча териштирүү башталган, 15 кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG