Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:06

Будапештте Эркин Гонконг жана Уйгур шейиттери атындагы көчөлөр пайда болду


Будапешттеги Уйгур шейиттери атындагы көчө.
Будапешттеги Уйгур шейиттери атындагы көчө.

Венгриянын баш калаасы Будапешттин жакында Шанхай университетинин кампусу курула турган районунда Эркин Гонконг, Далай Лама жана Уйгур шейиттери атындагы көчөлөр пайда болду.

Жаңы көчөлөрдүн ачылышына Будапешттин мэри жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун мажар кызматы 2-июнда кабарлады.

Аймак башчысы Кристина Баранинин айтымында, муну менен шаар бийлиги Шанхай университетинин курулушуна каршылыгын билдирүүдө.

Кытай менен Венгрия өкмөттөрү апрель айынын соңунда университеттин филиалын курууну макулдашкан. Билим берүү жайы 2024-жылы ачылмак. Сегиз миң кытай студентине ылайыкташкан кампуска 1,5 миллиард евро бөлүү каралган. Эгер ачылса, Евробиримдиктин аймагындагы Кытайдын биринчи университети болуп калат.

Бийликтин мындай чечими оппозициянын кескин сынына кабылды. Будапешт мэриясынын айтымында, өкмөт шаар бийлигинин пландарын четке кагып, өзү билгендей жолго барууда. Калаа мэриясы бул районго жергиликтүү студенттер үчүн шаарча курууну көздөп жаткан.

XS
SM
MD
LG