Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Бишкекте ит тиштеп доктурга кайрылгандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте ит же башка жаныбар тиштеп доктурга кайрылгандардын саны былтыркыга салыштырганда көбөйдү. Бул тууралуу 2-июнда борбор калаанын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери кутурма илдетине чалдыгуу коркунучуна кабылган адамдардын саны 1088 болду, алардын 347си 14 жашка чыга элек балдар.

Былтыркы жылдын алгачкы беш айында 960 адам катталган, алардын 346сы балдар.

Быйыл апрелде Бишкекте көчөдөн өтүп бараткан окуучуну жана ага арачы болгон аялды ит талаган видео Интернетте тараган. Мэрия шаардыктарды иттерин эмдетүүгө жана аларды көчөгө чыгарганда башкалардын коопсуздугун эске алууга чакырган.

Ит же башка жаныбар тиштеген адамда кутурма оорусу пайда болушу ыктымал болгондуктан дарыгерлер мындай учурда дароо медицина жайына кайрылуу керектигин эскертип келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG