Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:21

ЖКда депутаттардын камалышынын мыйзамдуулугу тууралуу сөз болду


Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 2-июндагы жалпы жыйында депутаттарды камоонун мыйзамдуулугу тууралуу түшүндүрмө берүү үчүн Башкы прокуратурага проктоколдук тапшырма берди.

Мунун алдында депутаттар Дастан Бекешов менен Тазабек Икрамов “Кумтөр ишине” байланыштуу камалган депутаттар тууралуу маселе көтөрүшкөн. Дастан Бекешов жаңы Конституциянын 78-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык эл өкүлүнө кылмыш ишин козгоо, ал кылмыш үстүндө кармалган учурдан башка жагдайларда көпчүлүк депутаттардын макулдугу керек экенин билдирди.

Тазабек Икрамов депутат ишине байланыштуу айткан ою, берген добушу үчүн жоопкерчиликке тартылбай турганына токтолуп, соңку камоолор мыйзамсыз экенин белгиледи.

“Мыйзам бузуулар болуп жатат, буга ким жооп берет? Бүгүнкү күнү мандаты бар депутаттарды камап жаткандар жооп бериш керек”.

31-майда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган. Асылбек Жээнбеков “Кумтөр иши”, Төрөбай Зулпукаров “Мыйзамсыз баюу” боюнча камакка алынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 1-июнда “Кумтөр иши” боюнча УКМКга сурак берип чыкты. (МТа)

XS
SM
MD
LG