Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:29

Акылбек Жапаров экономика жана финансы министри болуп дайындалды


Акылбек Жапаров. 2021-жыл
Акылбек Жапаров. 2021-жыл

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрук президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Экономика жана финансы министри болуп 5-майдан бери Улугбек Карымшаков иштеп келген.

Жапаров Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жетекчиси. "Кумтөр голд" компаниясына тыштан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзамдын авторлорунун бири. Ал жетектеген мамлекеттик комиссия корутундусун парламентке алып чыгып, "Кумтөр голд" компаниясына тыштан башкаруу киргизүүнү сунуштаган. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ошол эле күнү, 17-майда Тенгиз Бөлтүрүктү "Кумтөр голдго" тыштан башкаруучу кылып дайындаган.

Акылбек Жапаров 56 жашта. Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болгон. 2005-2007–жылдары экономика жана каржы министри, 2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министри, 2009-2010-жылдарда биринчи вице-премьер министр, 2011-2012- жылдары каржы министри болгон. (МТа)

XS
SM
MD
LG