Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Муфтияттагы шайлоону кечеңдеткен "оюндар"


Бишкектеги мечиттердин бири.
Бишкектеги мечиттердин бири.

Кыргызстанда соңку эки айдан бери муфтий шайланбай, мусулмандардын курултайынын мөөнөтү эки курдай жылып, талапкерлерди сынактан өткөрө турган комиссия жоюлуп кетти.

27-майда Аалымдар Кеңешинин жыйынында Кыргызстан мусулмандарынын курултайын 26-июнга жылдыруу, Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын толук өзгөртүү боюнча чечими кабыл алынды.

Ушул эле күнү Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев өзүнүн арызынын негизинде кызматтан кетип, анын ордуна Абдимамат Масалиев шайланды. Жаңы шайланган төрага муфтий шайлоонун жылып кетишин мындайча түшүндүрдү:

Абдиманап Масалиев
Абдиманап Масалиев

“Өлкөдөгү пандемиялык абалдан улам ушундай чечим кабыл алынды. Мындан тышкары Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын ишине нааразы болгондор дагы чыкты. Ошон үчүн комиссия тарап кеттик. Эми кайрадан сынак жарыяланат. Комиссияга 10 адам мүчөлүк кылат. Анын жетөө Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, калганы мамлекеттик органдардын (УКМК, ИИМ, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия) өкүлдөрү. Комиссиянын алгачкы отурумунда талапкерлер качан сынактан өтөрү белгилүү болот”.

Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын 19-майдагы протоколдук чечимине ылайык, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысына сынак 21-майда, саат 14:30да өтмөк.

29-майга белгиленген мусулмандардын курултайына чейин жаңы муфтий тандалып, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын, Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлөрүнүн ысымдары белгилүү болмок.

Муфтияттын астындагы нааразычылык акциясы
Муфтияттын астындагы нааразычылык акциясы

Бирок сынак башталган 21-майда муфтияттын алдында нааразылык акциясы өтүп, 10 чакты адам боз үй тиккен.

Алар Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын отурумуна кирип барып, сынакты токтотуу талабын айтышкан. Нааразы тарап бир нече адамдын талапкер катары катталбай калышына каршы болушкан.

Аталган комиссиянын мүчөсү, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Кубанычбек Абакиров мындай маалыматтар менен бөлүштү.

Кубанычбек Абакиров
Кубанычбек Абакиров

“21-майда муфтийлик кызматка талапкер катары катталган алты адам сынак тапшырган. Алар берилген суроолорго жооп берип, эч кандай нааразы пикир болгон эмес. Сынактын документтерин бекитип, мөөр басып кеткенбиз. Бирок талапкерлердин упайлары санала элек болчу. Эртеси Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болгусу келгендер дагы сынактан өткөн. Бирок Аалымдар кеңешинин жаңы курамына талапкерлерге сынак болгон эмес. Комиссиянын жоюлуп кеткенин Жалпыга маалымдоо каражаттарынан (ЖМК) уктум”.

Буга чейин муфтийликке алты, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрөгалыгына 13 талапкер катталган. Ал эми 21 мүчөсү бар Аалымдар кеңешинин курамына кирүү ниетин 49 киши билдирген.

Эми мурдагы комиссия жоюлуп, мусулмандардын курултайынын мөөнөтү жылып кеткенден кийин башка жарандар дагы талапкер катары каттала баштаса болот.


Муфтияттагы Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов Мусулмандар дин башкармалыгындагы процесстердин негизги эки себебин атады.

Бакыт Нурдинов
Бакыт Нурдинов

“Муфтияттагы окуяларда сөзсүз саясий боёк бар. Диний чөйрө бир пикирге келе албай жатат. Муфтийликке талапкер катары өткөн алты кишинин ар биринин амбициясы күч, өз жааматтары бар экен. Ошого ич ара келише албай тирешип кетишти. Экинчи жагынан бийлик тарап талапкерлерге ыраазы болгон жок. Анткени алардын арасында лидер жок болууда. Эми бүгүн-эртең жаңы талапкерлердин ысымдары атала баштайт”.

Мусулмандардын курултайы ушуну менен экинчи жолу жылып жатат. Аалымдар кеңешинин 11-февралдагы отурумунда мусулмандардын курултайынын датасы 5-апрелге бекитилген. Бирок курултайга бир жума калганда Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досболов Аалымдар кеңешине кат жолдоп, курултайды тынч өткөрүүгө шарт жок экенин жазган.

Жыйынтыгында муфтияттагы шайлоого чекит кое турган курултай 29-майда өтмөй болгон.

Юридика илимдеринин кандидаты, теолог Нурлан Исмаилов курултайдын өтпөй жатышында “бийликтин колу” бар деген ойдо.

Нурлан Исмаилов
Нурлан Исмаилов

“Укук коргоо органдарды милдеттеринен аша чаап, муфтияттын ишине кийлигишүүдө. Мен бул маалыматтарды ишенимдүү адамдарга таянып айтып жатам. Дин аалымдары өз жолун таап алат. Кийлигишүү жолу менен курултайдын мөөнөтүн кайра-кайра жылдыруу моралдык жана мыйзамдык жактан туура эмес. Ошол эле учурда муфтият ички тартипти, уставды сактабай келген. Андай башаламандыктын жыйынтыгы ушундай учурларда билинип калат”.

Буга чейин муфтий болуу ниетин сегиз адам билдирип, алты талапкердин документтери туура келген. Алар: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов жана Убайдулла Сарыбаев.

Муфтийликке талапкерлигин койгон Шакир Маматов менен Сайдамир Жейналиевди Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы "билими муфтияттын талаптарына жооп бербейт" деген негизде шайлоодон четтеткен.

Ага чейинки муфтий Максатбек Токтомушев УКМК козгогон кылмыш иштен кийин өз арызы менен кызматтан кеткен. Муфтийдин милдетин Токтомушевдин орун басары Жоробай Шергазиев аткарып келет.

Муфтийлер кызматтан кантип кеткен?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG