Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Германия Намибияда геноцид жасаганын мойнуна алды


Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас.
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас.

Германия Намибияны оккупциялап турган маалда ал жактагы гереро жана нама деп аталган түпкүлүктүү урууларды кырганын мойнуна алды.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас 28-майда билдиргендей, Берлин Африканын түштүк-батышында жайгашкан мамлекеттен жана геноцидге кабылган он миңдеген адамдардын урпактарынан кечирим сурап, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн атайын программанын алкагында 1,34 миллиард доллар бөлүп бере турганын билдирди.

Эки мамлекеттин делегациялары буга чейин көп жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин саясий декларацияны макулдашкан. Эми ага кол коюлуп, эки тараптан тең ратификацияланышы керек.

Намибияны Германия 1884-жылдан 1915-жылга чейин оккупациялап турган.

1904-жылы гереро жана нама урууларынын өкүлдөрү немис баскынчыларына каршы чыгышкан. Германиянын экспедициялык корпусу аларды күч менен басып, миңдеген адамдар набыт болгон. Жергиликтүү элдин көбү чөлгө куулуп, ачкачылыктан жантаслим болушкан. Гереро уруусуна кирген миңдеген адамдар концентрациялык лагерлерге жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG