Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:30

Президент кыргыз-тажик чегиндеги айланма жолдун курулушуна барды


Президент Садыр Жапаровдун жолдун курулушу менен таанышып жаткан учуру.
Президент Садыр Жапаровдун жолдун курулушу менен таанышып жаткан учуру.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы стратегиялык мүнөзгө ээ альтернативдүү Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай айланма жолунун курулушун барып көрдү. Мамлекет башчысы ал жерге 28-майда барганы расмий кабарланды.

Жол Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстандын аймагын айланып өтүү максатында курулууда. Узундугу 48 километр жолдун 7 км. курулушунда иштер башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документи даярдалган.

Садыр Жапаров Баткен облусуна эки күндүк сапар менен 27-майда барган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган айылдарда эл менен жолугушууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик тарап 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандагы чектеш аймакта жол, суу жана жер маселесине байланыштуу тез-тез чыр чыгып турат.

XS
SM
MD
LG