Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:37

АКШ Газаны калыбына келтирүүгө жардам берет


Газа шаары бомбалоодон кийин. Май 2021-жыл
Газа шаары бомбалоодон кийин. Май 2021-жыл

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен АКШ Газаны калыбына келтирүүгө жардам берерин билдирди. Жакынкы Чыгышта сапарда жүргөн Блинкен Палестина менен дипломатиялык канал катары пайдаланып келген Иерусалимдеги консулдукту кайра ачуу процессин алга жылдыруу аракети көрүлөрүн кошумчалады. Консулдук мурдагы президент Доналд Трамптын тушунда жабылган.

Рамаллада палестин автономиясынын президенти Мамхуд Аббас менен жолугушуудан кийин Вашингтондун өкүлү быйыл палестиналыктарга кошумча 75 миллион доллар экономикалык колдоо катары берилерин, 5 жарым миллион доллар Газаны калыбына келтирүүгө, дагы 32 миллион доллар БУУнун Палестинага жардам берүү агенттигине бөлүнөрүн айтты.

Мамкатчы ошондой эле Вашингтон ал жардамдын Газаны көзөмөлгө алган ХАМАС тобунун колуна тийүүсүн алдын алуу аракетин көрөрүн белгиледи.

Блинкен Израиль менен ХАМАСтын ок атышпоо чечимин колдоо иретинде регионду кыдырып жүрөт жана шейшембиде жөөт өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху менен жолуккан.

Изаиль-Палестина ортосундагы соңку жаңжалда 250дөн көп киши курман болду, көбү палестиналыктар, арасында бейкүнөө балдар менен аялдар бар.

Тараптар ок атышууну токтотуу тууралуу 21-майда макулдашкан. Бирок анда ортодогу негизги маселелер тууралуу сөз болгон эмес.

XS
SM
MD
LG