Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

COVID-19: АКШда чоң кишилердин теңи толук эмделди


АКШдагы музейде уюштурулган эмдөө борбору
АКШдагы музейде уюштурулган эмдөө борбору

Кошмо Штаттарда чоң кишилердин жарымы COVID-19 илдетине каршы толук вакцина алды. Президент Жо Байден 4-июлга чейин чоңдордун 70% вакцинанын жок дегенде бир дозасын алууга тийиш деген максат койгон. Азыр бул сан 62 % жакындады.

Ал учурда "Moderna" компаниясы өз изилдөөсүнө таянып, вакцинасы 12 жаштагы балдар үчүн коопсуз жана эффективдүү деп билдирди.

АКШ жана Канада буга чейин "Pfizer-BioNTech" вакцинасын өспүрүмдөргө сайууга уруксат берген, келерки апталарда Евробиримдик да бул маселени карамакчы.

Кошмо Штаттарында жана Европада эмдөөнүн аркасы менен инфекциялангандар азайууда.

Еврошаркет сентябрдын этегине чейин COVID-19га каршы вакциналардын бир миллиарддан көп дозасын алганы жатат.

Башка өлкөлөргө кайрылсак, Мексика жергиликтүү ишканада чыгарылган "AstraZeneca" компаниясынын препаратын колдоно баштары маалымдалды. Продукциянын жарымы Аргентинага жөнөтүлөт.

Индияда вирусту жугузуп алгандардын суткалык көрсөткүчү төмөндөгөнү менен эмдөө жай жүрүп жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 26-майда билдиргенине караганда, вирустун алгач Индияда катталган жаңы штаммы 53 өлкөдө катталды.

XS
SM
MD
LG