Кыргызстандын дээрлик бардык райондорунда акимдер алмашты. 19 райондун иштеп жаткан акими башка райондорго которулса, 18 аким жаңы дайындалды. Март айынан баштап акимдер жана орун басарлары аттестациядан өтүшкөн.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Эгемендик тарыхындагы район акимдеринин эң ири ротациясын жасады. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык акимдерди президент кызматка дайындап, бошотот. Буга чейин бул укук өкмөт башчыда болгон.
Президенттин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, район акимдерин ротациялоо «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыкка ылайык жүзөгө ашкан.
"Мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү болуп саналат. Кызыкчылыктардын кагылышын, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында облустардагы район акимдерин ротациялоо чечими кабыл алынды".
Жалпы 37 райондун акими жаңы дайындалды. Анын ичинен иштеп жаткан 19 аким башка райондорго которулду. 18 аким кызматынан бошотулуп, алардын ордуна аймактык кадрлар резервинде турган кадрлар тандалды.
Бир райондун акими жана аймактык кадрлар резервиндеги эки адам үй-бүлөлүк шартына байланыштуу сунушталган районго аким болуудан баш тартты.
Быйыл мартта Мамлекеттик кадр кызматы район акимдерин мамлекеттик аттестациядан өткөргөн.
Үч этаптан турган сынактын биринчи баскычында жетекчилердин ишмердиги иликтенсе, экинчи баскычында мыйзамдарды билүүсү жана жеке сапаттары боюнча компьютердик тест алынган, үчүнчү баскычы катары акимдер менен маектешүү өткөрүлгөн.
Мамлекеттик кадр кызматы акимдерди жана анын орун басарларын аттестациядан өткөрүү менен катар аким болом деген жарандар үчүн аймактык кадрлар резервине тандоо жүргүзгөн. Жалпы 1200 адам сынак тапшырып, 308 адам резервге киргизилген.
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев ротациянын башкы максаты тууралуу буларды айтты.
"Негизги максат - акимдерди сапаттык жактан жакшыртуу. Жашырганда эмне, акыркы мезгилде саясий күчтөрдүн басымы, соодалашуусу болгон, ар кандай күчтөр аркылуу келип калган акимдер бар экен. Билим деңгээли начар, басып өткөн жолу деле жок. Элде арыздануу, нааразычылык көп экен. Ошонун баары кызматтан кетти. Биринчи кезекте аттестациядан өтүп, билим деңгээлин, тажрыйбасын көргөзө алган акимдер жана конкурс аркылуу тандалган кадрлар дайындалды".
Абдырахман Маматалиев акимдерди ротациялоо "түндүк аймактан түштүккө", "түштүк аймактан түндүккө" деген принцип менен дагы ишке ашканын белгиледи.
Чек ара чатагы ырбап турган Баткен облусунун үч районунда гана акимдер ротация болгон жок. Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондоруна 5-майда жаңы акимдер дайындалган.
Ротация болуп башка аймакка которулган акимдердин арасында кызматка дайындалганына аз гана убакыт болгон акимдер да бар. Ош облусунун Чоң-Алай районуна аким болуп дайындалган Темирболот Абыкеев Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп иштеп жатканына эми эле бир жыл толгон.
"Ротация – мамлекеттин саясаты. Мамлекеттин саясатын райондун администрация башчысы катары колдошубуз керек. Тапшырма берилди, эл менен иштеп, кызмат кыла беребиз. Былтыр пандемиядан кийин келип бир топ иштерди баштай албай калганбыз. Быйыл чоң пландарды коюп, ишке ашыра баштаган элек. Ойлогон ойдун баары калып калды, кийинки келген аким уланта берет. Эми Чоң-Алайга барып, ал жактын пландары менен таанышам. Бир аз убакыт керек".
Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев акимдерди ротациялоонун жакшы жактарын белгиледи.
"Ротация – бул адамдардын эле алмашуусу эмес да. Бул тажрыйбанын, билимдин, көз караштын алмашуусу. Эски стереотиптен, түптөлүп калган эски ыкмалардан арылат деген ой бар. Экинчиден, Кыргызстанда регионализм деген оору бар эмеспи. Ар бир райондо уруулар бар, биздин уруудан болсун деп тиреш, соода боло берчү эмес беле. Ушундан арылдык. Үчүнчүдөн, акимдердин статусу жогорулады. Мурун өкмөттүн өкүлү болсо, азыр эл шайлаган президенттин өкүлү болуп калды. Бирок, жоопкерчилиги да ошончолук жогору болушу керек".
Тоң районунда беш жыл аким болуп иштеген, кийин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болгон Бакыт Рыспаев акимдерде укук жок экенин айтты.
"Акимдин орду, укугу толук чечилген эмес. Бийлик акимдерди ротация кылгандан кийин жыйынтык күтөт. Бирок, азыркы кыйчалыш кырдаалда региондогу ишти жылдырыш үчүн ошол жерди жакшы билген адам керек деп ойлойм. Кадр кандай кыйын болгон күнү да районду тааныганча жок дегенде 1-2 жыл өтөт. Азыркы күндө бардык финансы айыл өкмөтү менен мэриянын колунда. Мен аким болуп беш жыл иштедим. Акимде бюджет жок, акимдин резервдик фонду деген бар, ал жакта болбогон эле акча. Дотацияда турган райондордун резервдик фонду 300-400 миң сом. Бул эмнеге жетет? Акимдерге мүмкүнчүлүк, укук бермейин, ротация кылуудан пайда чыкпайт".
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев акимдердин ыйгарым укугун жогорулатуу үчүн мыйзам долбоору жазылып жатканын билдирди. Ал мыйзамга ылайык Муниципалдык кадрлар резерви түзүлүп, айыл өкмөтү болом деген жарандар аттестациядан өтөт. Аким аттестациядан өткөн кадрлардын арасынан үч талапкерди айылдык кеңештин депутаттарына сунуштай алат.
"Азыр мыйзам долбоору даяр болуп калды. Жакында жергиликтүү бийликти күчтөндүрүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алынат. Аким өзү жетектеген аймакта толук кандуу, кадр, финансы маселесин чечүүгө укук берилет. Ыйгарым укугунун жетишсиздигинен жеринде чече турган иштер облуска, борборго чейин жетип жатпайбы. Ошол маселени жеринде чечүүгө ыйгарым укук да, тапшырма да берилет".
Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев ротация болгон акимдер үчүн мамлекеттик үй берилип, ишине шарт түзүлөрүн айтты. Учурда 20 райондо акимдердин мамлекеттик үйлөрү бар. Калган акимдерге мамлекет үй таап же ижарага алып берет.
Кыргызстанда Бишкек шаарынын төрт районун кошпогондо 40 район бар.