Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Чек ара жаңжалынын тагын дарылоо керек


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Терек айылы. Баткен району. 7-май, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Терек айылы. Баткен району. 7-май, 2021-жыл.

Апрелдин этегиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам өзү жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон 58 миңге чукул Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары акырындап өз айылдарына кайтууда.

Бирок аймакка психикалык жардам көрсөтүү үчүн барып келген адистер улам кайталана берген чыр-чатактан улам жергиликтүү элде стресс өнөкөт мүнөзгө өтүп кеткенин айтышууда.

Мунун натыйжасы эмнеге алып келет? Стресс адамдын саламаттыгы үчүн канчалык коркунучтуу? Мамлекет бул жаатта кандай реабилитациялык иштерди жүргүзүп жатат?

“Арай көз чарай” талкуусуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов, «Интербилим» коомдук бирикмесинин өкүлү, укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева, “Кызыл ай” уюмунун Баткендеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Өлмаскан Назарова катышты.

Өлмаскан Назарова: - Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде жашаган ар бир үй-бүлөдө коркунуч бар. Биз аларга колдон келишинче психологиялык-социалдык колдоо көрсөтүп келебиз.

Биздин байкообузда чыр чыккан аймактагы энелер, алардын балдары катуу чочуп калган. Түнү жакшы уктай алышпайт, уйкусу качкандары бар же тескерисинче дайыма чарчаңкы абалга түшүп, күн-түн уйкусу келип жүргөндөрү бар. Айрымдары сөз көтөрө албай, кыжырдануусу күчөдү. Ушундайларды байкасак дароо психиатрларга же дагы башка медкызматкерлерге айтып жатабыз.

Азыр үйлөрүнө барганда да тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Бир чети жакшы. "Өз үй, өлөң төшөк" дегендей. Баягы күндөлүк турмушу башталды. Балдар окуп жатат. Бирок көпчүлүгүндө бир эле суроо бар: “Тынч жашоо болобу?”. 17-майда Аксайда болгон соңку окуя бул тынчсызданууга негиз болуп берди да.

Кубанычбек Калмаматов: - Министрлик окуя болгондон кийин эле ошол жердеги жабыркагандарга, аялдарга, балдарга психикалык жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлерди жөнөткөн. Алардын арасында психотерапевттер, психолог, терапевттер бар.

Психотерапевттик жардам көрсөтүү боюнча азыр кандайдыр бир хроникалык абалга өтүп кеткендиги тууралуу айтуу кыйын. Текшерүүлөр эми эле башталып жатат. Бизге “Кызыл ай” коому, “Чек арасыз дарыгерлер” бирикмесинин адистери, Оштогу окуу жайлардан адистер көмөк көрсөтүп жатат.

Баткен облусу боюнча төрт дарыгер психотерапевт бар болчу. Албетте бул жетишсиз деп ойлойм. Ошон үчүн Бишкектен вахталык ыкма менен 15-20 күнгө психотерапевттерди жөнөтүп жатабыз.

Ошондой эле өкмөттүн чек арада жабыр тарткандарды реабилитациялык дарылоо, жайкы мезгилде реабилитациялык лагерлердин агымдарын уюштуруу боюнча жарлыгы чыкты.

Азыр дарыгерлер ошол жерде медикаментоздук жардам кимдерге берилиши керектигин улам аныктай башташты. Иштин бүтүшү менен алар стационардык дарылоону дайындай баштайт.

Гүлгаакы Мамасалиева: - Аялдарда тынымысыз стрессте жашоо көнүмүшкө айланып калган. Дагы бир маанилүү жагдай - ал жердеги адамдар коопсуздук стрессине кошул-ташыл гуманитардык жардамга байланыштуу стресстерди алып жатышат. Бийлик жергиликтүү жапа чеккен үй-бүлөлөрдүн психикасын калыбына келтирем десе, анда жардамдын акыйкат таратылышын камсыз кылышы керек.

Ошондой эле тез-тез алардын көңүлүн сурап туруу, аларды тынчсыздандырып жаткан суроолорго жооп берүү менен элдин стресстик абалын төмөндөтүүгө болот. Бир сөз менен айтканда нааразычылык жабыр тарткан адамдардын стресстик абалын андан бетер күчөтөт.

Ал эми нааразычылык бардык тармактан болушу мүмкүн. Азыр мамлекеттик органдардын өкүлдөрү барып иштеп жатышпайбы (Мамкаттоо, архитектура, милиция) алардын баарына эл менен сылык- сыпаа иштөө инструкциясы берилиши зарыл. Элдеги стрессти дарылабаса ал үй-бүлөдөгү зомбулукка айланып кетиши мүмкүн.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунун бул чыгарылышынын толук версиясын бул жерден көрө аласыз.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG