Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:01

Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө


Ош шаары. 2021-жылдын 13-майы.
Ош шаары. 2021-жылдын 13-майы.

Бүгүн 13-майда Кыргызстанда дем алыш күн - Орозо айт майрамы белгиленип жатат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу айт намазын мечиттерде гана окууга уруксат берилгендиктен борбордук аянттарда экинчи жыл катары менен эл чогулган жок.

Орозо айт майрамы менен элди таң эрте президент Садыр Жапаров куттуктап, өз кайрылуусунда “Ыйык Орозо айында өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуялар болуп өттү” деп белгиледи.

Соңку маалыматка караганда, Кыргызстанда короновирустан 1681 киши каза болду. Ооруну дээрлик 100 миңге жакын киши жугузуп алды.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (RK)

XS
SM
MD
LG