Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:28

Украина: орусиячыл саясатчы Медведчуктун бөгөт чарасы каралууда


Виктор Медведчук
Виктор Медведчук

Киевдин соту орусиячыл саясатчы, Жогорку Раданын депутаты Виктор Медведчуктун бөгөт чарасын карап жатат. Мамлекетке чыккынчылыкка айыпталган саясатчы сотко катышууда. Ал 12-майда Башкы прокуратурага сурак берип, өзүнө коюлган айыптарды толугу менен четке каккан.

Прокуратура Медведчукту камакка алууну же 300 миллион гривен (9 миллион евро) төлөсө күрөөгө бошотууну суранды. Мамлекеттик айыптоо Медведчукка тагылган айып боюнча шектүүнү акча төлөп, күрөө менен бошотууга болорун түшүндүрдү.

"Forbes" журналы Медведчукту Украинанын бай адамдарынын тизмесине кошкон. Анын бул күрөөнү төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

Виктор Медвечукка прокуратура "Крым жарым аралындагы улуттук байлыктарды тоноо", "Украинанын кен байлыктарына байланыштуу баалуу документтерди берүү" жана "Крымды башка өлкөнүн аймагынын бөлүгү катары таануу" сыяктуу айыптарды такты. Аны менен катар Жогорку Раданын орусиячыл дагы бир депутаты Тарас Козакка шектелүүдө.

Виктор Медведчук Украинадагы орусиячыл саясатчылардын бири, "Жашоо үчүн - Оппозициячыл платформа" партиясынын лидери. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилеси жакшы саясатчы катары белгилүү. Медведчук бир нече жолу Путин менен жолугуп, Украинанын учурдагы бийлигинин Батышка ыктаган саясатын сындап келет. Буга чейин Украинанын Коргоо жана коопсуздук кеңеши Виктор Медведчукка таандык делген "112 Украина", NewsOne, ZIK телеканалдарына беш жылдык санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG