Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:11

Жапаров: 2011-жылкы шайлоого "Центерранын" акчасы жумшалган


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү териштирип жаткан мамлекеттик комиссия “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акчасын президенттик шайлоого пайдалануу ыктымалдыгын изилдеп жатат. Бул тууралуу 12-майда “Азаттык” радиосуна комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү документтерге ошол кезде премьер-министр болуп турган, кийин шайлоодо президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаев кол койгон:

“Сентябрда шайлоо болуп жаткан учурда “Центерра” “РСК-банкка”10 миллион доллар которгон экен демөөрчүлүк жардам катары. Капиталдык салымды ошол кезде каржы министри бекитчү экен, бирок премьер-министр өзү бекитип, акчанын баарын шайлоого түштүккө мектептерге которгон экен”.

Жапаров “Мурункуларга Башкы прокуратура баасын берсин” деп белгилеп, расмий маалымат алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кат жөнөтүлгөнүн айтты.

Атамбаевдин жактоочулары бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр абакта отурат. 2019-жылы ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу камакка алынып, 11 жылга кесилген. Мындан тышкары ал Кой-Таш окуясы үчүн да айыпталууда.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 12-майдагы жыйынында «Кумтөр Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG