Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Милиция Баткенде кармалган фуралар боюнча түшүндүрмө берди


Баткен облусу. 2021-жыл.
Баткен облусу. 2021-жыл.

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы облустун аймагында кармалган Тажикстандын үч фурасы боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Баткендин кире беришинен кармалган оор жүк ташыган автоунаалар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу 7-майдан бери милиция кызматкерлери тарабынан кармалып турат.

Алар 11-майда Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын автоунаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Орто жолдо жергиликтүү тургундар менен түшүнбөстүктөр чыккан.

Ушул күндөрү кыргыз жарандарынын жети фурасы Тажикстанда кармалып турат. Эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин сүйлөшүүсү менен эми алар Тажикстандын үч фурасына алмаштырылат.

Интернетте Тажикстандын оор жүк ташыган автоунаалары Бишкектен коңшу өлкөгө аткезчилик менен товар алып баратканы тартылган видео тарады. Анда бир нече киши автоунааны токтотуп талаш-тартыш болуп жатканын көрүүгө болот.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды.

Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (BTo/JsA)

XS
SM
MD
LG