Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:29

Кара-Кулжа районунда бир нече айылды суу каптады


Кара-Кулжа районунда сел жүрдү
Кара-Кулжа районунда сел жүрдү

8-майдын кечинде жаандын кесепетинен Кара-Кулжа районундагы Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарында сел жүрүп, 158 турак жайдын короосун суу каптады. Мындан тышкары жолдор жана электр мамылары жараксыз абалга келген. Бул тууралуу 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ак-Кыя айылында 47 үй селден жабыркап, 450 метр жол жараксыз абалга келди. Ошондой эле Сары-Булак айылында “Жаңы-Моңол” каналы кумга толгондуктан суу ашып, мектептин, мечиттин, бала бакчанын, 102 турак үйдүн короосуна суу кирген. Айылда бир электр мамычасы кулап, 400 метр электр зымы жарактан чыкты. Мындан сырткары бир жылкы, беш уй жана 70 бал челекти сел агызып кеткен.

Нөшөрлөгөн жаандан Кара-Кочкор айылындагы Атакул, Нура сел өткөрүүчү каналдары да бузулуп, 9 турак үйдүн короо-сарайларын, беш гектар үлүш жерди жана эки чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган.

Кара-Кулжадагы селдин кесепетин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган 50 киши тартылган. Куткаруучулар Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолун ачып, учурда жабыркаган айылдарды тазалоо иштери уланууда.(MrA)

XS
SM
MD
LG