Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

Бишкекке “Спутник V” вакцинасынын дагы 20 миң дозасы келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынын экинчи партиясы 20 миң доза өлчөмүндө Бишкекке бүгүн, 10-майда келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Вакцинанын биринчи партиясы Кыргызстанга 23-апрелде келип, эмдөө башталган. Кыргызстандыктар коронавируска каршы Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын да колдонуп жатат. Расмий кабарда 40 миңден ашык киши эмдөөдөн өткөнү белгилүү болду.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда вирустан 1660 адам көз жумду. Дээрлик 100 миңге жакын киши бул илдетке чалдыкты. Анын 91 миңден ашыгы сакайып чыкты. (MiK)

XS
SM
MD
LG