Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

Министр Кармышаков: Кумтөр боюнча сот чечими экономикага таасир этет


Улукбек Кармышаков.
Улукбек Кармышаков.

"Кумтөр голд" компаниясын доого жыккан сот чечими Кыргызстандын экономикасына таасирин тийгизбей койбойт, бул алтын кени боюнча иш парламентте түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусуна жараша аныкталат. Бул тууралуу 10-майда “Биринчи радионун” эфиринде экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.

Кумтөрдү доого жыккан сот чечиминин "Центерра Голд" компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө ыктымал таасири тууралуу суроого ал төмөнкүчө жооп берди:

“Өлкөнүн экономикалык абалына, албетте, таасир этет. Кумтөрдүн биздин экономиканын өнүгүүсүндө кайсы бир орду бар. Бардыгы Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгына жараша тагыраак аныкталат. Мындан тышкары биздин эксперттер да иштеп жатышат. Жыйынтыгында чаралар көрүлөт”.

Өткөн аптада Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия быйыл 17-февралда «Республика – Ата Журт» фракциясынын сунушу менен түзүлгөн. Фракция өз сунушун жаратылышты коргоо жана өндүрүштөгү коопсуздукка байланыштуу иштерди, буга чейин кабыл алынган токтомдордун аткарылышын текшерүү зарылчылыгы менен негиздеген. Кийин комиссияга мамлекеттик макам ыйгаруу сунуш кылынган.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG