Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:44

Чек арадагы жаңжалда 3,5 миң чарчы метр жол жарактан чыкты


Алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашты.
Алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашты.

Бул тууралуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев 4-майда брифингде билдирди. Андан сырткары бир топ жол белгилери уурдалып, бүлүндүрүлдү.

Кайынбаевдин ырасташынча, алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашты. Ушул тушта министрликтин комиссиясы чек ара жаңжалынын кесепетин тактоону улантып жатат, толук эсептелип бүткөндөн кийин жолдорду оңдоп, калыбына келтирүү башталат.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы 18 киши каза болуп, 90дой адам жараат алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG