Ал Комсомол уюмундагы карьерасы, депутаттыкка ат салышуудагы атаандаштык, Бермет Акаева баштаган “Алга, Кыргызстан” партиясына кириши, эки жылда төрт кызматка дайындалышынын сыры, саясатчылар Масалиев, Акаев, Бакиев, Осмонов менен мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди.
“Азаттык”: Сиз Абсамат Масалиев республиканы башкарып турганда жетилип-өстүңүз, жанында көп жүрдүңүз. Ал киши менен чогуу бийликте турган кошуна өлкөлөрдүн жетекчилери жаңы заман келгенде президент болуп алышты. Абсамат Масалиев эле болгон жок, себебин сиз эмнеден көрөсүз?
Тынычбек Табылдиев: Абсамат Масалиевич Компартиянын саясатына сугарылган киши болчу. Партиянын уставын, тартибин, мурдатан келаткан бийликтин эрежелерин катуу сыйлаган адам эле.
Мурдагы партиялык жетекчилер Раззаковду, Кулатовду кумир тутчу. Коомдо “Абсамат Масалиев таза киши” деген пикир бар эле. Ал киши жөнөкөй адамдарга катуу ишенчү, качан болсо коргоп алат, сыйлап алат деген ишеними күчтүү болчу. СССРдеги өзгөрүүлөр болуп жатканда “сизди президент кылып шайлап алалы” деп депутаттар сунуш кылсак да, “бир өлкөгө бир эле президент болот” деп баш тартып койду.
Менимче, ал киши Горбачевдун келиши менен “кайра куруу” деген саясат болуп жатканына да ишенген жок. Айрым депутаттар кирип, “КДК деген чыкты, сизди кызматтан алганга даярданып жатат, сизди колдогондор да көп, биз дагы уюштуралы” деп айтышкан. “Жок, жигиттер, өз ишиңерди кылгыла, мени катардагы коммунисттер, жумушчулар сактап алат” деп койду.
“Азаттык”: Совет заманында кадрларды өстүрүүнүн чоң тажрыйбасы бардык кызматтарды өтүшкөн деп калышат. Ушул негизден алганда Социалисттик эмгектин баатыры, атактуу чабан, мамлекеттик кызматта бир күн иштебеген Таштанбек Акматовду Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы болуп шайланышынын себеби эмнеде болгон?
Тынычбек Табылдиев: Сөзүмдүн башында “Абсамат Масалиевич мурдагы советтик салттарды уланткысы келчү” деп бекеринен айткан жокмун. Убагында "шахтер Төрөбай Кулатовду алып келип, Жогорку советтин төрагасы кылса болот, ал эми чабан Таштанбек Акматовду эмне үчүн койсо болбойт?" деп ойлосо керек.
Эки окуянын ортосунда дээрлик 40 жыл айырма бар. Абсамат Масалиев доордун өзгөрүп жатканына маани берген жок. Партиянын саясаты мурдагыдай эле калат деп ишенип отурду. Таштанбек Акматов жөнөкөй киши эмес, бир канча жолу "СССР Жогорку Советине депутат болгон адам, бийликтин коридорлорун көргөн, билет, такшалып калды" деп ишенип алды.
Анын үстүнө Жогорку Советтин ишин анын аппараты даярдап коет, элге керектүү чечимдерди угузуп турат деп ойлошту. Николай Танаев жыйындан чыгып келатып, “бул киши кайда келе жатканын билбейт экен, ошол үчүн макулдук берди, эгер билип туруп келсе, анда баатыр экен” деп калды. Борбордук Комитеттин бюросунда макулдашылгандан кийин, Абсамат Масалиевди сыйлашып, депутаттар ачык каршы болбой бир добуштан шайлашкан. Ал кезде бардык маселелер Москва менен макулдашып чечилчү. Таштанбек Акматовдун ал кызматка келиши аларга да ыңгайлуу эле.
“Азаттык”: 1991-жылы Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы Бекмамат Осмоновдун орун басары болуптурсуз. Ал кишинин оң-терс жактарын салмактап айтканда, иштөө стили, ыкмасы кандай эле?
Тынычбек Табылдиев: “Кайра куруу” деген саясаттын, өзгөрүүнүн талабын сезген кишилердин бири Бекмамат Осмонов болду. Мурдагы партиялык салттардан чыгып өз оюн ачык айта баштады. Ал кыргыздын тарыхын, салт-санаасын жакшы билген адам эле. Мамлекеттик кызматтарда сыналган, жөнөкөй адамдардын тилин таап сүйлөшө билчү. Акаев бийликке келген жылы Ош драма театрында чоң жыйын болду. Ошондо Бекмамат Осмонов кыргызча чепкен, калпак кийип, колуна камчыны бүктөп кармап алып, президентти көзүнө илбей катуу сүйлөдү, залдагылар дуулдатып кол чабышты. Мурда облустук жетекчилер республиканын алдында андай сүйлөй алышчу эмес, Осмонов эски рамканы бузуп салды, жүрөктүү болчу. Эртеси Алайга Курманжан датканын тоюна бардык, Осмонов президент менен чогуу отурчу чайга да келбей койду. Экөөнүн мамилеси ошондо бузулган.
“Азаттык”: Бекмамат Осмонов өз орун басарларынын баарын эмне үчүн бир күндө бошотуп койгон?
Тынычбек Табылдиев: Бир күнү эле бардык орун басарларынын кабинеттерин жаптырып, “бүгүндөн баштап баарыңар бошсуңар” деп салды. Андай чечим илгери дегеле болчу эмес, укугу да жок эле. Мурда экөөбүздүн мамилелибиз да жакшы болчу. Туура эмес кылып жатканын бетине айттым, болбоду. Облустук башка көп жетекчилерди да бошотту. Облуста ага каршы болгондор көбөйө баштады. Акаевдин боштугун пайдаланып, өзүн облуста "хан" сезе баштады. Бардык маселелерди өзү гана чечип жатты. Бир күнү Кочкор-Ата шаарында облустук активди чогултуп, губернаторду эл тандайт, шайлоо болот деп чечим чыгарып салды. Андай кылууга укугу жок эле, мыйзам да жок болчу. Ушундай катачылыктарды көп кетирди. Акыры Акаев өзү Жалал-Абадга келип, кызматтан алууга туура келди. Анткени, президенттин өзүнө коркунуч туулуп жатканын сезди.
“Азаттык”: Тынычбек мырза, 2003-жылы Бермет Акаева түзгөн “Алга, Кыргызстан” саясий партиясынын жооптуу кызматкери болуп иштеген экенсиз. Ал жакка кантип барып калдыңыз эле?
Тынычбек Табылдиев: Мен ал учурда иштен алынып бош жүргөм. Эсеп палатасында иштеген Азамат Кангелдиев чакырып, “партия түзүп жатам, алты ай жардам бербейсизби” деп калды. Экөөбүздүн мурда мамилебиз да бар эле. Бир күнү чакырган жерине барып, машинемди токтотуп жатсам, “бул жерге койгонго болбойт” деп калышты. Эмнеге десем, “бул орун ханбийкеники” дешти. Ошондо Бермет Акаева партияда экендигин түшүндүм. Мен партиянын идеологиясы эмес, уюштуруу иштерине жардам бердим. Аймактарды кыдырып, элди тартып, көп уюштуруу иштерин жасадык, акырында филармонияда партиянын курултайын башкарып, өткөрүп бергеним чын.
“Азаттык”: "Президенттин партиясына жергиликтүү бийлик органдары жардам беришкен, күргүштөтүп мүчөлөрдү чогултушкан" деп калышат.
Тынычбек Табылдиев: Бийликтин партиясы Тойчубек Касымов жетектеген “Адилет” деген партия болчу. Баарын тизмелеп алып иштеген ошолор болду. Бермет Акаева таптакыр башкача иштечү. “Аймактарга барганда губернатор, акимдер менен жолукпаңыз, команда бербеңиз” деп турду. Мен бир дагы аткаминер менен партиянын иши боюнча жолуккан эмесмин, сүйлөшпөгөм.