Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

АКШнын мамкатчысы Украинага келет


Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эмки аптада Украинага келет. Кошмо Штаттардын башкы дипломаты бул сапары аркылуу Москва менен мамилеси курчуп турган Киевге Вашингтондун колдоосун билдирүүнү көздөйт, Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүнө караганда, Блинкен Украинага “Чоң жетинин” Лондондогу жыйынына катышкандан кийин 5-6-майда келет. Ал Киевде украин президенти Владимир Зеленский баштаган бийликтин, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат.

Блинкендин бул сапары Украина менен Орусиянын алакасы чыңалып турган учурга туш келди.

Буга чейин Москва Украина менен чектешкен аймактарга жана аннексияланган Крымга оң миңдеген жоокер алып келгени кабарланган. Киев өзүнүн чек арасына жакын аймактарга Кремль аскер күчтөрүн топтоп жаткандыктан, Орусиянын Украинага басып кирүү коркунучунан кооптонуп, Батыштагы өнөктөштөрүнө кайрылган. Бир нече күнгө созулган кооптуу кырдаалдан соң Орусия аскерлерин чек арадан алыс жылдырган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күчтөп өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт. Ошондой эле Москва 2014-жылдын апрелинен бери 13 миң кишинин өмүрүн алган Украинадагы Крым жана Донбасс кагылыштарында куралдуу жикчилдерди колдоп келет.

XS
SM
MD
LG