Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

Захарова: Орусия кыргыз-тажик чек арасындагы абалга көз салууда


Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы кырдаалга көз салып жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова 29-апрелдеги брифингде билдирди. Захарова учурда бул абалды эксперттер менен талкуулап, кенен маалымат берерин кошумчалады.

Бүгүн Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Түштөн кийин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде ок атылды. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат. Куралдуу кагылышта кыргыз тараптан 31 адам жаракат алып, бир адам каза болду. Ал эми Тажикстан тогуз адам жаракат алганын кабарлоодо.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап «Капчыгай», «Мин-Булак», «Достук» чек ара тозотторуна жана «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерине ок атканын кабарлады. Анын жыйынтыгында «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөнгөнүн билдирди. Буга жооп иретинде кыргыз тарап Тажикстандын “Кожо Алло” чек ара тозотун ээлеп алганы кабарланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын дипломатиялык мекемеси менен сүйлөшүп, ок атууну токтотуу жана аскерлерди мурдагы ээлеген жерлерге кайтаруу макулдашылганын кабарлады.

Кыргызстан жана Тажикстан - Жамааттык коопсуздук кызматташык уюмунун мүчөлөрү.

XS
SM
MD
LG