Орусияда мигранттардын электрондук базасы түзүлүп, QR-код менен аныктоо жүзөгө ашырылганы жатат.
Орусияга ишке келген чет өлкөлүк жаран орус бийлигине өзү тууралуу толук маалымат берүүгө аргасыз болуп, ишке орношуу үчүн жумуш берүүчүлөр QR-код талап кыла баштайт. 27-апрелде Орусиянын Курулушчулар бирикмесинин башчысы Антон Глушков буларды айтты:
«Биз баарын тартипке келтирип, Орусиядагы чет өлкөлүк мигранттарды каттоого алышыбыз керек. Бардык эмгек мамилелери расмий катталууга тийиш. Орусияга ишке кирген адам өзүнө QR-код алып, мисалы, курулушта мыйзамдуу иштеп жүргөнүн тастыкташы керек».
Мындай эреженин демилгечилери мигранттардын QR-коддору катталган санариптик база аркылуу чет өлкөлүк жарандын Орусияда мыйзамдуу иштеп жүргөнүн, паспорттук маалыматтарын, билимин, иш тажрыйбасын, ал тапшырган медициналык тесттердин жыйынтыгын тез эле аныктап коюуга болорун айтышат. Муну менен миграциялык документтерди жасалмалоо, салыктан качкан көмүскө эмгек рыногу сыяктуу көрүнүштөрдү жоюуга мүмкүн экенин белгилешет.
Эксперттер чет өлкөлүк жарандар Орусияда ишке орношуу үчүн орус бийлигине жеке маалыматтарын текшертүүгө жана колдонууга уруксат берүүгө мажбур болушарын айтышат.
Буга чейин мартта Орусиянын Ички иштер министрлиги 2022-жылга чейин мигранттардын санариптик базасы түзүлүп, анда мигрант кайсы жерде канча убакыт иштеп, жумуш берүүчүлөр менен түзүлгөн эмгек келишимдери тыкыр көзөмөлгө алынарын кабарлаган.
Пандемияга чейин Орусияга жылына 17 миллионго чейин чет өлкөлүк ишке келчү. Алардын көбүн Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Молдованын жарандары түзчү.
Бул кезде Орусиянын эмгек рыногунда жумушчулардын таңкыстыгы кескин байкалып, курулуш тармагына эле эки миллиондой жумушчу жетишпей жатканы айтылса да, орус бийлиги миграциялык талаптарды күчүнө киргизип, чет өлкөлүктөргө көзөмөлдү күчөтүүдө.
Москвада кыргызстандыктарга юридикалык көмөк көрсөткөн адвокат Эрланбек Токтосунов бул маалда чет өлкөлүк жарандардын Орусиядагы абалы боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, анда бир катар талаптар күчөтүлүп жатканына токтолду.
"Орусиядагы чет өлкөлүктөрдүн мыйзамдуу абалы жана дактилоскопиялык каттоо тууралуу мыйзамдарына азыр өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Мыйзам долбоору Мамлекеттик Думада биринчи окуудан өттү. Мигранттардын башына түйшүк түшүп жатат. Эми миграциялык каттоого турган сайын саламаттыгын көрсөткөн медициналык маалымдама, ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу (ДМС) талап кылына баштайт. Миграциялык каттоосун өзгөрткөн сайын тапшырышы керек болот. Андан сырткары, мигранттарды ишке ала турган ар бир жумуш берүүчү алдын ала салык төлөшү керек. Муну орусиялык жумуш берүүчүлөр жасабайт. Өз кезегинде бул салык төлөнбөсө, мигрант «кара тизмеге» алынып калышы мүмкүн".
Юрист мигранттарга киргизиле турган жаңы талаптар Орусиянын Баш мыйзамына да каршы келерин, муну Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында карап чыгып, кыргыз жарандарына жеңилдиктерди алуу керектигин белгилейт.
«Глонасс» мониторинг системасы аркылуу чет өлкөлүктөргө онлайн байкоо жүргүзгөнү жатышат. Бул - жеке жашоого кийлигишүү. Бул Орусиянын Баш мыйзамдарына да шайкеш келбеген нерсе. Буга кошумча, мигранттарга чип тагылган ID-карта бергени калышты. Аны менен мигрант миграциялык каттоого турган жеринде жашаганы же эмгек келишими түзүлгөн жерде иштеп жатканы автоматтык түрдө аныкталып калат. Ошол замат ага административдик чара көрүлөт. Бул кабыл алынып жаткан жаңы өзгөртүүлөр Евразия Экономикалык Биримдигиндеги келишимдерге да каршы келет. Муну биздин өкмөт да карап чыгып, жарандарыбызга жеңилдиктерди алууну макулдашышы керек".
Орусияда ушу тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык жүрөт. Орус бийлигинин маалыматына ылайык, алардын 115 миңден ашууну миграциялык эрежелерди сактабаганы үчүн өлкөдөн чыгарылып, «кара тизмеге» кабылуу коркунучунда. Административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 64 миңден ашуун кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.