Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:17

Сүйүн Өмүрзаков Баткенге барды


Баткен районундагы Көк-Таш айылы.
Баткен районундагы Көк-Таш айылы.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан улам Баткен облусуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Өмүрзаков Баткенде облусттук ички иштер башкармалыгы, ИИМдин ички аскерлеринин колбашчысы менен жолугуп, коомдук тартипти күчөтүлгөн негизде камсыздоону талкуулады.

Милиция кызматкерлери блок посттор коюп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жарандарды коопсуз райондорго жеткирүү иштери жүрүүдө. Ички иштер министрлиги чек арадагы абал чыңалган бойдон калууда деп маалымдап жатат.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткенде чек ара жаңжалында жараат алган бир адам каза болгонун маалымдады.

Жалпысынан жараат алган кыргызстандыктар 17ге жетти, алардын бири каза болду, бирөө үйдөн дарыланууда.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

29-апрелде да жаңжал уланып, Кыргызстандын Чек ара кызматы “Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемет жана автомат менен жапырт аткылоо башташты” деп маалымдады.

Коңшу өлкөнүн чек ара мекемеси чырды кыргыз тарап баштаганын айтууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG