Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:27

Көк-Таштан аялдар менен балдарды Баткен шаарына алып келишүүдө


Көк-Таштан Баткен шаарына келген айыл тургундары.
Көк-Таштан Баткен шаарына келген айыл тургундары.

Баткен облусундагы "Азаттык" радиосунун кабарчысы бүгүн, 29-апрелде эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Көк-Таш айылынан аялдар менен балдарды салган алгачкы микроавтобус Баткен шаарына келгенин маалымдады.

Көк-Таш айылынын тургундары Баткендеги мектептердин биринин имаратына жайгаштырылууда. Жаңжал чыгып, ок атышуу уланып жаткан айылдагы жайкын тургундарды алып келүү опурталдуу болуп жатканы айтылууда.

Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы бүгүн эртең менен 5:45 чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюндагы Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытыла баштаганын кабарлаган.

Ок атышуудан 30 жаштагы жаран жарадар болуп, жергиликтүү айылдын ооруканасына жеткирилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан чыр тууралуу маалымат берип, азыр абал чыңалган абалда деген.

"Головной" тилкесиндеги 28-апрелде болгон кагылышуудан тажик тараптан төрт, кыргыз тараптан үч адамга таш тийип жарадар болду.

УКМК Чек ара кызматы тажик тарап маалыматтарды бурмалап, эки элди козутуп жатканы тууралуу билдирүү таркатты. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча Тажикстандын расмийлери менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын кабарлады. (JsA/BCh)

XS
SM
MD
LG