Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тараптын маалыматтарын четке какты


28-апрелдеги кагылышуу.
28-апрелдеги кагылышуу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү Баткендеги акыркы окуялар боюнча билдирүү таратты.

Анда тажик тараптын социалдык медиада "кыргыз тарап чек арага атайын адамдарды алып барып, абалды козутуучу иш аракеттерди кылып жатат" деп таркатып жаткан маалыматтарды төгүндөп, мындай кабарлар кыргыз-тажик чек арасындагы чыныгы абалды чагылдырбай, бурмалап жатканы айтылат.

"28-апрелде "Головной" суу бөлүштүрүүчү тилкесиндеги жаңжалды Тажикстандын атуулдары баштады. Бул күнү Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги Тажикстан менен мамлекеттик чек арадан 3-4 метр аралыкка тажик тарап шагыл түшүрүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары эки өлкөнүн айыл өкмөттөрү макулдашмайынча ишти токтото турууну талап кылышкан. Бирок Тажикстандын атуулдары кыргыз чек арачыларынын талабына карабай ишти улантышкан. Кыргыз чек арачылары курал колдоно турушканын эскерткенде гана шагыл төгүүнү токтотушкан.

Андан соң тажик тарап "Головной" участкасындагы электр мамыларына видео байкоо орното баштаган. УКМК Чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери бул жерге барып, видео камераларды орнотууну токтотууну талап кылган. Болжол менен түшкү 12:25терде Кожали айылынан мергенчи мылтыгынан ок атылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы район жетекчилери жолугуп, абалды жөнгө салууну талкуулаганы менен бир пикирге келе алышкан эмес. Талкуу учурунда чек арага чогулган 100-150дөй адам бири-бирине таш ыргытышып, тажик тараптан төрт, Кыргызстандан үч киши жарадар болду. Жаңжал маалында кыргыз тарап курал колдонгон жок", - деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматы.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, тажик тарап видео байкоолорду алууга макул болгону менен азырынча ала элек. УКМК Чек ара кызматы "Головной" тилкесиндеги суу бөлүштүрүүчү жайдын Тажикстанга таандык эмес деп, Кыргызстан тарап аны басып алганы тууралуу кабарларды четке кагып, "мындай маалыматты таркатуу менен тажик тарап абалды курчутуп, чек арада жашаган элдин бир пикирге келүүсүнө тоскоол болууда", - деди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстанды окуяны бейтарап карап, кырдаалды козутууларды күчөтпөөгө чакырды. (BCh)

XS
SM
MD
LG